Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Чүй облусуКемин району 24.01.2019 14:01 На русском

«Ойношу сабаган деп жүрөт...»: Салыкчынын жардамчысы депутаттан таяк жегенин айтып чыкты. Эл өкүлү эмне дейт?

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө салык инспекторунун жардамчысы болуп эмгектенген Жанара Токтогулова уктап жаткан жеринен айылдык кеӊештин депутаты сабап кеткендигин айтып, ага учурда эч кандай чара көрүлбөй жаткандыгын билдирди. Ал эми айылдык кеңештин депутаты Жанаранын алдында эч кандай күнөөсү жок экенин айтты. Бул окуяны аймактык кабарчы сураштырып көргөн.

Жанара үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын апасы. Бул окуядан бир аз мурун апасынан айрылып, анын кыркылыгын өткөрүп келген. Анын айтымында, ошол түнү жолдошу такси кызматында иштеп, шаарда болгон.

608227.a6de2978e1b5d82a1c19419c50480039

«Эмне себептен келип сабаганын билбейм, өзүм да түшүнбөй калдым. Бул окуя 2018-жылдын 29-декабрына караган түнү болжол менен саат 04:30-05:30 чамасында болду. Апам каза болуп, кыркылыгын өткөрүп, үйгө жаӊы эле келгем. Жумушка чыкканыма бир жума болгон. Жолдошум болсо карыздарыбызды төлөйм деп шаарда таксист болуп иштеп жаткан. Үйдө балдарым жана сиӊдим бар болчу. Алар башка бөлмөлөрдө уктап жаткан. Мен болсо колум сынганына байланыштуу өзүнчө бөлмөгө жаткам. Ошол мен жаткан бөлмөгө көчөдөгү жарыктар терезеден чагылышып, үйдүн ичи даана көрүнүп турат. Максат аттуу депутат терезеден мени жалгыз жатканымды көргөн окшойт. Бир маалда эле үйгө бирөө тапырап кирип келгенин сезип, чочуп ойгонуп кеттим. Тура калып карасам биздин айылдык кеӊештин депутаты Максат маӊдайымда турат. "Эмне кылып жүрөсүӊ?" десем башка-көзгө койгулап, сабап кирди. Чаӊырып, кыйкырып баштасам, мени муунтуп кармап, "мен сени өлтүрөйүн деп келдим, кыйкырба!" деп колун чөнтөгүнө сала баштады. Мен ал жөнүндө ар кандай терс окуяларды угуп жүргөм. Ошолорду эстеп кетип, "өлтүрбөӊүз, акча десеңиз акча берейин, эмне десеӊиз ошону кылайын" деп жалынып жибердим. Анан эле чачымдан алып, ашкананы көздөй сүйрөп жөнөдү. Ич кийимчен болчумун. Балдардын бөлмөсү ошол жакта болгондуктан, алар менин кыйкырыгымдан ойгонуп кетип, дабыштары чыкканынан Максат сыртты көздөй качып жөнөдү.

Жанара Токтогулова эртеӊ менен милиция кызматкерлери келип, окуяны териштирип баштаганын айтып, андан ары сөзүн улады.

«Милиция кызматкерлери анын изин кубалап барышып, жолдон топу менен капюшон таап алышыптыр. Ошол кезде кайдан-жайдан экенин билбейм, жаныбызга кошунамдын баласы жана дагы бир чогуу иштешкен эженин баласы пайда болуп калышты. Аларга милиция кызматкерлери Максат тууралуу пикириңерди жазып бергиле десе, алар "ал жөнүндө жазбайбыз, ал жакшы бала" деп киришти. Милиция кызматкерлери болуп үйгө кирип арыз жазып жатсам, баягы эки баланын бири келип, диванга отуруп калды. Үйдө кошуналар да бар болчу. Алар дагы күбө катары кол коюп жатышкан. Ал бала кайра кайсы убакта эшикке чыгып кеткенин билбей калдык. Ал дагы ошол айылдык кеӊештеги депутаттын жээни болот. Аны менен кошо топу менен капюшон дагы жок болду. Милиция кызматкерлери шалаакылык кылып, далил катары колдонулуучу топуну обочого коюп коюшуптур», - деди ал.

Жабырлануучу сөзүн андан ары улап, буга чейин депутат Максат Сулайманов менен 25-декабрдагы сессияда кайым айтышуулар болгонун белгиледи.

«Мен апамдын кыркылыгын өткөрүп келип, 24-декабрда жумушка чыккам. 25-декабрда сессия болду. Биздин айыл өкмөттө эки салык кызматкери иштейбиз. Салык кызматкери Нурбүбү эженин жашы бизден бир топ улуу. Ошол сессияда апасындай болгон эжени аталган депутат тургузуп алып, "сиз менин салыгымды туура эмес эсептеп жатасыӊар" деп аябай урушкан. Андан кийин Нурбүбү эже сессиядан чыгып, бала бакчага небересине кеткен болчу. Мен кабылдамадан апамдын досу менен жолугуп, ал апамдын өтүп кеткенине кайрат айтып, ыйлап-сыктап, аны менен сүйлөшүп отуруп калгам. Ошол маалда ал депутат келип, биздин кабинеттен экөөбүздү теӊ таппай кетиптир. Кайра Нурбүбү эжеге телефон чалып кыйкырып, "жаӊы эле сессиядан уруш жеп, кайра барсам ордуӊарда жоксуӊар" дептир. Мен анын жер боюнча салыгын эсептеп, депутатты саат 17:00гө чейин күттүм. Катчы кыздан номурун алып, "салыкты эсептеп койдум, келесизби десем", "жок, мен кафеде отурам" деди. Кечки саат сегизде үйгө келди. Эсептеген кагаздарды көрсөтсөм, аны да туура эмес деп баштады. Мен "банкка алып барып төлөп коё бергиле, бизге ишенбей жатсаӊар" деп кесе жооп бердим. Ал "28-декабрда жаңы жылдык майрамга барасыӊбы?" деп калды, мен "апам жаӊы эле каза болсо, колум сынып жатса, мен эмнеге бармак элем" деп үйгө кирип кеткем. Майрамга баратканда дагы эмгек жамааттан мени барбайбы деп сураптыр. Эмне үчүн минтин сураганын билбейм. Азыр болсо айылдагы элдерге "Жанараны өзүнүн ойношу эле келип сабаган, аны жашырып, мага шылтоолоп жатат" деп айтып жүрөт», - деди ал.

Жанара ошол окуядан кийин Бишкек шаарындагы ооруканага жатып чыккан.

«Кеминдин ооруканасында оңдоо иштери болуп, поликлиникасына жатып чыктым. Кусуп, тамак иче албай, башым калчылдап калгам. Андан соң, Токмокко алып барышты. Ал жактан жүлүнүӊө бир нерсе болгон окшойт, томографияга түшүп кел дешти. Бирок томография 2019-жылдын 8-январында иштеп баштайт экен. Ошентип Бишкек шаарына барып дарыландым. Неврологго каттоого тургузушту. Алар дарыларды жазып берип, бир жумага чейин жумушка чыкпай, үйдөн дарылан дешти. Үйдө да 2 жумадай жаттым. Милиция кызматкерлери ал балага эч кандай чара колдоно элек», - деди ал.

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Салмарбек Султанов: «Ооба, 25-декабрдагы сессияга катышкам. Салык кызматкери Нурбүбү эже менен айылдык кеӊештин депутаты Максат экөө бир аз кайым айтыша кеткени чын. Жанаранын апасы да каза болуп, ал жумушка жаӊы эле чыккан. Колу да сынган экен. Ал эми ошол түнкү окуя боюнча эч нерсе деп айта албайбыз. Бул окуяны депутаттар деле карай элек. Аппарат дагы карай элекпиз. Анткени, далили жок болуп жатпайбы. Биз милиция кызматкерлеринин жообун күтүп жатабыз. Биз ошондон кийин бул окуяны карайбыз», - деди ал.

30d2c4b5dbd52256ea4c457c82fa5711_500_0_0

Ал эми айылдык кеӊештин депутаты Максат Сулайманов эч кандай күнөөсү жок экенин билдирди.

«Биринчиден, ал жерде болгон эмесмин. Экинчиден мен үй-бүлөлүү кишимин, 2 кызым бар. Ата-энем болуп чогуу жашайбыз. Түнкү төрттөрдө ошол окуя болду деп жатышат. Мен ал убакта келинчегимдин жанында эле жаткам. Мени эмне себептен күнөөлөп жатканын билбейм. Биздин айыл өкмөттө салык кызматынын жардамчысы болуп иштейт. А, мен ошол айылдык кеӊештин депутаты болом. Кандай ой менен мага жалаа жаап жатканына түшүнгөн жокмун. Экспертизага алып барышты. Салык кызматкери Нурбүбү эже Жанаранын кайын эжеси болот.

Мен депутат катары эмес, мен ошол айылдын тургуну катары жерге салык төлөйм. Жер үчүн акчамды төлөйүн десем, мага өтө көп акча жазып берди. Мен бул туура эмес деп, кайра эсептетсем, кайра үстүнө кошуп жазып салыптыр. Ошону менен баш-аягы үч жолу эсептешкен. Сессияда булар бизге отчет беришти. Ошондо булардын планы чыкпай калыптыр деп айттым. Ал жерде кайым айтышуу болгон жок. Мен суроо бердим, ал жооп берди. Кечирим сурады, мен кечирдим. Ал эми Жанара деген кызга такыр жологон эмесмин, көргөн да эмесмин», - деп билдирди.

Максат Сулайманов сессия болгон күнү кечки саат 20:00дө Жанаранын үйүнө барып, салыктын кагаздарын алып кеткенин кошумчалады.

«Жанара бизде катчы болуп иштечү. Депутаттарга келип суранганынан биз аны көтөрмөлөп, салык кызматкеринин жардамчысы болгон. Ошол сессия болгон күнү кечинде салыктын кагаздарын алып кеткем.

Мен түшүнбөй жатам. Буларга акча керекпи же эмне керек? Түшүнүксүз. Же бойдок болбосом. Ата-энем билимдүү, интеллигент кишилер. Апам мугалим болуп иштесе, атам электрик болуп өмүр бою эмгектенген. Азыр пенсияда», - деди ал.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2018-жылдын 29-декабрында Кемин РИИБге Кызыл-Октябрь айылынын 30 жаштагы тургуну Т.Ж. кайрылып, 29-декабрда болжол менен саат 04:30 чамасында үйүнө С.М. аттуу жаран кирип, денесине залал келтиргенин айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Кемин РИИБге катталып, окуяны териштирүү учурунда 31 жаштагы С.М. суралган жана Т.Ж.нын денесине залал келтирилгенин же келтирилбегенин аныктоо үчүн тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Бүгүнкү күндө экспертизалардын жыйынтыгы даяр боло элек. 2019-жылы 4-январда аталган материал «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат системасына киргизилген.

Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинин (бейбаштык) негизинде Чүй ОИИББдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Кийинчерээк айыл өкмөттөн билдиришкендей, кечээ, 23-январда Жанара Токтогулова ээлеген кызматынан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×