Бөлүмдөр
Ишемби, 20-апрель
Баракелде, Бишкек 25.01.2019 20:59 На русском

Кыргызстандагы миллионер депутаттар жана алардын компанияларынын төлөмдөрү

Turmush -  Жогорку Кеңештеги депутаттардын ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалыматтарды жарыялап келген Tazabek басылмасы бул жолу депутаттар жана алардын туугандары ээлик кылган компаниялардын төлөмдөрү тууралуу малыматтарды топтогон.

Редакция тактаган маалыматтар боюнча, эл өкүлдөрү жана алардын жакындары бир катар тармактагы ишмердүүлүк менен алектенишет. Мисалы, туристтик багыттагы, ресторандар, мейманкана, курулуш, фармацевтика, соода-сатык, айыл чарба, көмүр отуну, курулуш каражаттарын өндүрүү, азык-түлүк чыгаруу, авиация жана күйүүчү-майлоочу май, телекоммуникация жана башка багыттагы ишмердүүлүк.

Бирок бардык эле депутаттардын компаниялары бюджетке төлөмдөрдү чегере бербей турганы да белгилүү болду. Жада калса айрым компанияларга байланыштуу маалыматтарды табуу да оңой эмес.

Жогорку Кеңештеги депутаттардын жана алардын туугандарынын компанияларынын төлөмдөрү тууралуу маалыматтын түп нускасы (орус тилинде) менен бул шилтеме аркылуу таанышсаңыз болот.

Эскертүү: Tazabek басылмасынын бардык маалыматтары менен толук таанышуу үчүн катталуу керек (Тел: 0312 65-01-10).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×