Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-ноябрь
Баракелде, Бишкек 23.01.2019 07:52 На русском

«Анын чечимине нааразы болдум»: Футболдук беттештен кийин оюнчу калысты сабап салган

Turmush -  Бишкектин Октябрь райондук соту Александрга (ысымы өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Александр 2018-жылы 10-ноябрь күнү саат 13:00 чамасында Бишкектеги футбол талаалардын биринде Шухрат менен (ысымы өзгөртүлдү) кайым айтыша кетип, анын денесине жаракат келтирген.

Соттолуучунун айтымында, аталган күнү Ысык-Көл жана Чүй облустарынын футбол боюнча командалары беттешип, аталган оюнга катышкан. Ал калыс Шухраттын чечимине нааразы болуп, оюндан кийин аны чаап жиберген. Кийин федерацияга барып кечирим сураган. Ал сот отурумунда катуу жазалабоону суранды.

Ал эми жабырлануучунун айтымында, 10-ноябрь күнү турнир өтүп, ал оюндун башкы калысы болгон. Ысык-Көл менен Чүйдүн командалары беттешкен. Оюндан кийин Александр аны бетине муштап жиберген. Андан кийин калыска медициналык жардам берилген. Жаңжалга калыстын чечими себеп болгон. Шухрат айыпталуучуну мыйзамга жараша жазалап, материалдык зыян катары 42 миң 574 сом, моралдык зыян үчүн 60 миң сом өндүрүп берүүнү суранды.

Жыйынтыгында сот Александрды күнөөлүү деп таап, 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 2 жылга шарттуу кести. Ошондой эле Шухраттын пайдасына 24 миң сом өндүрүү чечимин чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×