Бөлүмдөр
Ишемби, 16-февраль
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 10.02.2019 17:43 На русском

Фоторепортаж — Эртеңи күмөн Эңилчектеги элдин жашоосу

Turmush -  Эңилчек айылы деңиз деңгээлинен 2600 метр бийиктикте жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан 160 чакырым алыста жайгашкан. Бул калктуу конуштагы 37 үйдө 145 адам жашайт. Айылда бала бакча бар, ага 20 бала барат. Ошондой эле 5-класска чейин окутуучу мектепте 15 бала билим алат.

Мындан тышкары, стационардык медициналык пост орун алган, анда 3 бейтап жатып дарыланууга мүмкүнчүлүк бар. Бул медициналык посттун негизги милдети — жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана шаардык ооруканага жеткирүү. Айыл эли негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет.

Эңилчек айылына баруучу жол да оңой эмес. Деңиз деңгээлинен 3822 метр бийиктикте жайгашкан Чоң-Ашуу ашуусунан өтүү керек. Кар көп жаагандыгына байланыштуу кышкысын жана жазында бул ашуудан өтүү кооптуу болуп саналат. Жол асфальтталган, кээ бир бөлүгү авариялык абалда болуп саналат. Жазында жана жайында сел каптап, жолдун кээ бир бөлүгүн жууп кетет.

Мындан тышкары, Мерцбахер көлүнөн суу ашкан убакта (август-сентябрь) жер кыртышы желип калат. Кышкысын Эңилчекке баруучу жолдун кээ бир бөлүктөрүндө кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Эңилчек айылынын жашоочулары мамлекеттик чек араны кайтаруу ишине активдүү катышат. Тургундардын көпчүлүгү элдик дружиналардын ыктыярдуу мүчөлөрү болуп саналат.

Аймактагы климаттык шарт катаал, кышында абанын температурасы -30 градуска түшөт. Климаттык шарттарга байланыштуу тургундар айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрө алышпайт. Ошондуктан бир гана мал чарбачылыгы менен алектенишет. Айылдагы үйлөр союз учурунда эле курулган, ошол убактан бери аймакта жаңы курулуштар болгон эмес. Тургундар анча чоң эмес чакан үйлөрдө жашашат.

Бир нече жыл мурун долбоор боюнча таза суу чыгарылган, азыр кайрадан суу маселеси актуалдуу болууда. Сууктан улам суу түтүктөрү тоңуп калат. Ал эми тургундар бул маселе чечилет деп ишенишет.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен айылдын көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн чырак сатып алып, орнотууга тендер жарыяланган. Бирок бул иш азырынча ордунан жыла элек. Жергиликтүү тургундар климаттык шарттын катаалдыгынан улам мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгышат.

Эңилчек айылында жаштар жокко эсе, пенсия курагындагы адамдар жана жаш балдар калышкан. Жаштар үй-бүлөлөрү менен Россияга жакшы жашоо издеп кетишкен. Ал эми калгандар мал-жандык кармап, жаркын келечекке үмүт кылышат. Эми жергиликтүү калк комбинат курабыз деген кытайлык инверстолорго үмүт кылууда.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун сырт өрөөнүндө кен иштетүү комбинатын куруу пландалып жаткандыгы жана аны кытайлык инвесторлор каржылоого даяр экени маалымдалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×