Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Нарын облусуЖумгал району 17.01.2019 09:12

Тагдыр: 4 ай мурун күйөөсүнөн айрылган Ж.Жумалиева 3 баласы менен инсульт алган атасынын үйүндө күн кечирүүдө

Turmush -  Жыпаркүл Жумалиева Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылынын тургуну (30 жашта). Анын жолдошу 4 ай мурда көз жумуп, учурда 3 баласы менен төркүнүндө күн кечирип келет.

Атасы Бешкемпир Жумалиев 1947-жылы туулган. Ал 3 жолу инсульт алып төшөктө болсо, апасы Зуура Жумалиева 1964-жылы туулган, төшөктө жаткан оорукчан абышкасын карап үйдө.

«Мен жолдошум, балдарым менен Бишкекте батирде турчубуз. 4 ай мурун жолдошум каза болуп, мен төркүнүмө келгем. Айылда жумуш жок, балдарым жаш. Өкмөткө ушу балдарыма жөлөк пул чектеп беришсе деп кайрылгам. Райондун борборуна документтеримди топтоп бир нече ирет каттадым. Алар биз барып турмушуңарды текшеребиз дешкен. Келишкен жок. Кийин эптеп жол кире таап алып барсам, документтер туура эмес деп убара кылышты. Мага жазып берген документтерди чогултуп даярдап баргам. Атамдын наамында 1 га жер бар, анын 0,26 га жери мага тиет экен. Бирок ал жерге суу келбейт, пайдаланылбайт. Мындан тышкары атаң пенсия алат экен дешти. Атам төшөктө, үч жолу инсульт алып жыгылган адам. Абалы оор. Алган пенсиясы 5 миң сом, анысы ичкен дары-дармегинен артпайт.

Жумуш издеп иштейин дейм, балам 1,5 жашта. Өкмөт ушундай үй-бүлө, балдарга жардам бере албаса, анда бул кандай өкмөт? Барбаган жерим калбады», - деди Ж.Жумалиева.

Жыпаркүлдүн улуу кызы 2011-жылы туулса, ортончу баласы 2015-жылы, ал эми эң кичүүсү 2017-жылдын аягында төрөлгөн.

«Балдарыма жөлөк пул чыгарып беришсе, өзүнчө деле батирде жашай берет элем. Атама тынчтык керек экен, ызы-чууну сүйбөй калды. Айыл өкмөт айылдагы эски үйлөрдөн ижарага болсо да батир таап беришсе жакшы болмок. Балдарыма жөлөк пул алып, өз алдымча жашап, аларга тарбия берет элем», - деди ал.

Ал эми Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбек Кудайбергенов Жумалиева аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо тургандыгын жана жөлөк пул маселеси мыйзамда көрсөтүлгөн тартиптер менен каралып жатканын айтты. Ошондой эле айыл өкмөт тарабынан колдон келишинче жардам бериле турганын кошумчалады.

Жумгал райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы аталган үй-бүлө тууралуу кеңири маалымат бериле турганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×