Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-октябрь
Ош облусу, Ош 15.01.2019 14:20

Оштогу «Курманжан датка» лицейинин кичинекей окуучулары китептерин муктаждарга белек кылышты (сүрөт)

Turmush -  «Курманжан датка» атындагы Ош лицейинде окуучуларга терең билим берүү менен катар коомдук иштерге катыштырууга багытталган иштер активдүү уюштурулуп турат. Муну менен окуучулар коомго аралашып, эрте калыптанууга, дүйнө таанымын кеңейтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Бул жолу башталгыч мектептеги окуучулар «Менин белегим — китебим» акциясынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кызыктуу китептерин белекке беришти.

«Окуучуларды китеп окууга кызыктыруу менен башкалар менен бөлүшө билүүгө, жардамдашууга үйрөтүү негизги максатыбыз», - деди директордун тарбия иштери боюнча орун басары Гулер Сарыхан.

Жакшылык тартуула...

Ошондой эле 11-класстын окуучулары өз колдору менен ар түрдүү шириндиктерди даярдашып, эртең мененки саат 5:00дөн баштап Ош шаарын тазалаган жумушчуларга ысык кофе тартуулашты.

«Таңкы беште кофе, шириндик алып келгениңер биз үчүн аябай жагымдуу болду. Тилегиңерге жетип, бактылуу болгула, Биз шаарды тазаласак, силер заманды тазалаган жаштардан болгула», - деп Максуда эже ыраазычылыгын билдирди.

«Бул иш-чараны уюштурууда “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы менен макулдаштык. Лицейде жүргүзүлгөн тарбиялык иштердин жыйынтыгы болду. Ошондой эле шаарыбызды тазалап, көрктүү болушуна өзгөчө салым кошкон эже-агалардын эмгегин колубуздан келишинче баалаганга аракеттендик. Айрыкча жумушчулардын түнкү үчтө иштеп баштаганы, ага-эжелердин батасы окуучуларыбызга өзгөчө таасир калтырды», - деп белгиледи 11-«А» класстын жетекчиси Мамыралиева Гүлнур.

Кичинекей жардамым — жаркын келечегим...

«Курманжан датка» атындагы Ош лицейинин башталгыч мектебиндеги окуучулар лицейдин айланасындагы соода-сатык менен алектенген шаардыктарга, лицейде иштеген жумушчуларга чай, кофе жана таттууларды таратышты. Окуучулар өз колдору менен чай сунуп, жардамдашууну кичинекейинен үйрөнүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×