Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-декабрь
Чүй облусуСокулук району 14.01.2019 14:38

Сокулуктук 2 дзюдочу Кыргызстандын чемпионатына жолдомо алышты (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Чүй облусунун чемпионаты болуп өттү. Анда 1-3-февраль күндөрү боло турчу Кыргызстандын чемпионатына спортчулар тандалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мелдешке Чүй облусунун 8 району катышып, Сокулук районунан эки спортчу аталган чемпионатка жолдомо алышты. Алар — машыктыруучу Али-Абад Тургумбаевдин алдында тарбияланып келе жаткан 50 кг салмактагы Нурдин Калдарбеков менен 81 кг салмактагы Пинчук Андрей болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×