Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Ысык-Көл облусуТоң району 13.01.2019 16:25 На русском

4 айлык кыздын өлүмү менен аяктаган туулган күн...

Turmush -  Тоң районунда ата-энесинин урушу учурунда катуу жаракат алып көз жумган 4 айлык кыздын өлүмү боюнча тергөө иштери улантылып жатат. Шектүү катары наристенин атасы камакка алынса, апасын төркүндөрү алып кеткени белгилүү болду.

Жубайлар Туура-Суу айылындагы кашарда чабан болуп эмгектенип жатышкан. Алар 2 балалуу болушуп, улуусу туугандарынын колунда болчу. Turmush басылмасынын кабарчысы алар жашаган кашардын ээси Берди Алымкулов менен жолугушту.

«Мен бул үй-бүлөнү октябрда (2018-жылы) чабан кылып кашарга алып баргам. Аларды жарнама аркылуу тапкам. Эки баласы бар экен, улуу кызы 2 жашта болсо, кийинкиси кичине болчу. Буга чейин үй-бүлөнүн чыр-чатагын байкаган эмесмин.

Мен 26-декабрь күнү кашарга барып, жакшы экенин көрүп кеткем. Эртеси, 27-декабрь күнү эртең менен биздин кашардан 1,5 чакырым алыста жашаган Максат (ысымы өзгөртүлдү) деген кишинин үйүнө аялы экөө тең конокко барышыптыр. Ал күнү мал короодон такыр чыкпаптыр. Ал үйдө түнгө чейин отуруп, бирөөсүнүн туулган күнүн белгилеп, арак ичишкен. Аялынын айтымында, аны да кыйнап ичириптир.

Түнкү саат 23:00 - 24:00 чамасында жубайлардын ортосунда уруш чыгып, жыгач менен аялын чабам деген күйөөсү 4 айлык кызын чаап алган. Ага ачууланган аялы бычак менен күйөөсүн колго сайган. Ызы-чуу болуп жатып, түнкү саат 04:00 чамасында ооруканага барышып, мага ооруканадан 4:20да телефон чалышты.

Бул окуя менин кашарымда эмес, Максаттын үйүндө болгон. Наристе оор жаракат алып, бир күндөн кийин чарчап калды. Баланын эжеси менен жездеси наристени Барсконго алып барып, жерге беришти. Ал эми келиндин төркүндөрү келип, кызынын оокатын жыйнап, алып кетишти», - деди Б.Алымкулов.

Тоң РИИБге бул окуя тууралуу 28-декабрда маалымдалган. Расмий билдирүүдө айтылган маалымат боюнча, ыкчам топ Туура-Суу айылындагы Көңдөй участкасында болуп, окуянын чоо-жайын аныкташкан.

Саат түнкү 03:00 чамасында аталган аймакта убактылуу жашап жаткан 27 жаштагы Ринат (ысымы өзгөртүлдү) жубайы — 26 жаштагы Канышай (ысымы өзгөртүлдү) менен уруша кетип, аны сабап баштаган. Ошол учурда Ринат мас абалда болчу. Аялын таяк менен чабам деп, колунда көтөрүп турган 4 айлык кызынын башына чапкан. Ага жинденген аялы үйдөн бычак алып чыгып, күйөөсүнүн колуна жана моюн тарабына шилтеген.

Окуядан кийин тез жардам кызматы чакырылып, үчөө тең (аялы, күйөөсү, 4 айлык кыз) ооруканага жеткирилип, эртеси наристе эс-учуна келбей көз жумган. Ал эми күйөөсү кызынын өлүмүнө шектүү катары камакка алынса, аялды туугандары алып кетишти.

Бул факты Тоң РИИБге КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги (мурунку редакция) 104-берененин 4-бөлүмү (адамдын ден соолугуна өлүмгө алып келүүчү оор залал келтирүү) менен катталган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×