Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
12.01.2019 14:50 На русском

Нарындык подполковниктин өлүмү: Шектүү адам кармалды

Turmush -  Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Күнболот Касмалиевдин өлүмү боюнча 1 шектүү адам кармалып, 3 адам сурак берүүдө. Бул тууралуу ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Уланбек Аалиев маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында билдирди.

Бүгүн, 12-январдагы акыркы сапарга узатуу иш-чарасына У.Аалиев баш болгон өздүк курам, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев катышты. Маркумдун сөөгү Нарын шаарындагы үйүнөн чыгып, Нарын районунун Кеңеш айылында жерге берилди.

«Чынында Нарын милициясында эле эмес, жалпы кыргыз милициясында чоң жоготуу болду. Маркум Күнболот менен 1 жылдан ашык убакыттан бери иштешип жаткам. Аны менен иштешүү убагында бир да жолу өзүн жашырып-жапкан учуру болгон эмес. Ар дайым ачык-айкын, өз ишинде так, энергиялуу адам деп билчүбүз. Акыркы жолу Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү болуп кызмат өтөп жаткан. Иштеп жаткан учурда эч кандай кынтыксыз, ишине так болчу. Кырсык Ысык-Ата районунда болду. Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Учурда 1 адам кармалып, 3 киши сурак берүүдө.

Маркум Күнболоттун жакындарына, үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин атынан, ардагерлердин кеңеши жана өздүк курам, ошондой эле Нарын ОИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы, ардагерлер кеңеши, ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», - деди У.Аалиев.

ИИМдин маалыматы боюнча, 10-январда саат 01:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек—Торугарт айлампа жолунун 16-чакырымында автоунаа жөө адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 01:00 чамасында белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу жол кырсыгы болгон жерден каза болгон.
Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерде кароо жүргүзүп, маркумдун аты-жөнүн тактоо, шектүү айдоочуну аныктоо жана кармоо аракеттери башталган. Жыйынтыгында жөө жүргүнчү Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот экендиги аныкталган.
82d2983d92d84521f25c444974f04cdf_500_0_0
Өмүр баяны (Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан алынды):

Милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот Станбекович 1982-жылы 11-апрелде Нарын шаарында милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1998-жылы Нарын шаарындагы №3 Киров атындагы орто мектепти аяктаган. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында билим алып баштап, аны 2004-жылы бүтүргөн.

Ал эми 2004-жылдын август айынан тартып 2011-жылга чейин Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын шаардык, Нарын райондук ички иштер бөлүмдөрүндө тергөөчү жана ага тергөөчү кызматында, ал эми 2011-жылдан 2013-жылга чейин Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, ага тергөөчүсү, 2013-2014-жылдары Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2014-2016-жылдары Кочкор РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары, 2016-2018-жылдары Жумгал РИИБдин башчысынын тергөө иштери боюнча орун басары болгон. Ал эми 2018-жылдын март айынан тартып Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам өкүлү, ага ыкчам өкүлү кызматында, 2018-жылдын октябрь айынан тартып азыркы күнгө чейин ушул эле бөлүмчөнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага ыкчам өкүлү болуп кызмат өтөп келген.

Милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот Станбековичтин артында 2 уул, 1 кызы калды.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.27% (750)
«РСК Банк»
27.84% (392)
«Капитал Банк»
6.61% (93)
...
Всего голосов: 1408
×