Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-март
Ош облусу, Ош 12.01.2019 13:55

Ошто Рыспай Абдыкадыровдун 78 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 12-январь күнү Ош шаарындагы филармониянын алдында таланттуу обончу жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун 78 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чарага Рыспай Абдыкадыровдун жакындары, санаалаштары, анын талантын баалаган инсандар, ОшМУнун искусство факультетинин өкүлдөрү катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алгач Рыспай Абдыкадыровдун эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду. Андан кийин эскерүү кечесине катышкандар улуу таланттын чыгармаларын аткарып, ал тууралуу ар кандай окуяларды айтып беришип, таланттуу инсан экенин даңазалашты.

Кыргыздын залкар обончусу жана аткаруучу, кыргыз музыка дүйнөсүнө өзүнүн өзгөчө обондору, ырлары менен жаркын из салган талант Рыспай Абдыкадыров 1941-жылдын 12-январында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлгөн. Ал кыска өмүрүндө 200дөн ашуун чыгарма жаратты. Р.Абдыкадыров 53 жашында көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.27% (101)
«Банк Компаньон»
19.29% (38)
«РСК Банк»
12.18% (24)
...
Всего голосов: 197
×