Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
12.01.2019 10:56

Баткенде 10 күн ичинде жол эрежелерин бузган айдоочуларга 70 миң сом айып салынды (сүрөт, видео)

Turmush -  Баткен облусунда 10 күндө жол эрежелерин бузган айдоочуларга 70 миң сомго жакын айып пул салынды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жаңы мыйзамдар боюнча айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүүргүзүү учурунда маалым болду.

Рейдде ЖКККБ башчысынын орун басары, милициянын капитаны Сабыр Апсаматов жана башка кызматкерлер облус аймагындагы айдоочулар менен жолугушуп, жаңы мыйзам боюнча үгүт-насаат иштерин жүргүзүштү.

Ал эми жол эрежелерин бузган айдоочуларга салынган айып пул 1 ай ичинде төлөнөт. «2019-жылдын башында эле 10 күн ичинде жол эрежелерин бузган 19 учур катталды. Алардын ичинен: мас абалда унаа айдагандар — 3, кур коопсуздугун такпагандар — 4, документтери жок унаа айдагандар — 2, ошондой эле жогорку ылдамдыкта айдагандар — 10 айдоочу», - деди Сабыр Апсаматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.27% (750)
«РСК Банк»
27.84% (392)
«Капитал Банк»
6.61% (93)
...
Всего голосов: 1408
×