Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ысык-Көл облусуТоң району 12.01.2019 00:17 На русском

Тоңдо ата-энесинин мушташынан жаракат алган 4 айлык наристе көз жумду

Turmush -  Ысык-Көлдө жубайлардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен катуу жаракат алган 4 айлык наристе чарчап калды. Булактардын маалыматы боюнча, окуя 2018-жылдын 28-декабрында болгон.

Тоң районундагы Туура-Суу 1 айылынын четинде жайгашкан кашарда жашаган жубайлар урушкан. Ошол учурда күйөөсү жыгач менен аялын чабам деп, колунда кармап турган төрт айлык кызын башка чаап алган. Ага ачууланган аялы бычак менен күйөөсүнүн сол колунун булчуңуна сайып жиберген. Окуя болгон учурда күйөөсү мас абалда болгон.

Жаңжалдан кийин күйөөсү жана 4 айлык кызы Тоң райондук ооруканага жаткырылып, наристе бир күндөн кийин чарчап калган. Бул үй-бүлөнүн улуу эркек баласы туугандары менен бирге жашаганы белгилүү болду.

Учурда күйөөсү шектүү катары камакка алынса, аялы Баткенге – төркүнүнө кеткен.

Сүрөт иллюстрациялык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.44% (107)
«Банк Компаньон»
19.71% (41)
«РСК Банк»
11.54% (24)
...
Всего голосов: 208
×