Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.01.2019 23:33

Ысык-Көлдүн Ананьев айылында православдык көрүстөндү талкалап кетишти (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ананьев айылында православдык көрүстөндү талкалап кетишти.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, белгисиз адамдар эстеликтерди, тосмолорду сындырып, гүл чамбарларды ыргытып кетишкен. Мындай көрүнүштү 11-январда кечинде көрүшкөн.

«Каза болгон маркумдардын эстелигине тийип эмне кылышат? Бул кимге керек? Жергиликтүү укук коргоо органдарына жана айыл өкмөткө кайрылдык. Алар териштирүү иштерин жүргүзүшөрүн айтышты. Мындай кадамга баргандар жазасын алышы керек» , - дешти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×