Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Чүй облусуЫсык-Ата району 11.01.2019 18:15 На русском

Максат Турумбеков Ысык-Ата районунун акиминин орун басары болуп дайындалды (өмүр баяны)

Turmush -  Турумбеков Максат Бейшенбекович Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары болуп дайындалды.

Бүгүн, 11-январда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгуналы Абдраимов Максат Турумбековду жегиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, райондук түзүмдүн жетекчилерине жана акимиаттын жамаатына тааныштырды.

Өмүр баяны:

Туулган жери: Ысык-Ата районунун Нурмамбет айылы;

Туулган жылы: 1973-жыл;

Үй-бүлөлүк абалы: Үч баланын атасы.

Билими:

- 1991-1996-жылдары Кыргыз Агрардык Академиясында, инженер механик кесиби;

- 2006-жылы Ж.Баласагын атындагы мамлекеттик кыргыз улуттук университетинин Экономика факультетинде бухгалтерия боюнча соттук эксперт кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 2016-жылы Бишкек шаардык шайлоо комиссиясында КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү;

- 2012-жылдан 2016-жылга чейин Кант шаардык №25 техникалык адистик лицейинде директор;

- 2011-жылы Свердлов райондук шайлоо комиссиясында БШКнын өкүлү;

- 2009-жылдан 2011-жылга чейин ФК «Элсон Л С кей джи» (иностр.фарм компания) компаниясынын сатуу боюнча башкы менеджери;

- 2008-жылдан 2009-жылга чейин аталган компанияда сатуу боюнча менеджер;

- 2003-жылдан 2008-жылга чейин «Скай Мобайл» ЖЧКнын атайын дилери;

- 2002-2003-жылдары «Кыргызайылэнерго» компаниясынын директорунун орун басары;

- 1999-2002-жылдары «Соната» ЖЧКнын бөлүм башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×