Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Баткен облусуБаткен району 11.01.2019 18:05

Баткендеги Достук айылынын эли Тажикстанга караган 3-4 км жолдун айынан 45 км жолду айланып каттап жатышат

Turmush -  Кечээ, 10-январда Баткен районунун Достук айылындагы чек ара заставасынын ачылышында жергиликтүү тургундар Тажикстан аркылуу өткөн жолду ачып берүүнү суранышты.

Алардын айтымында, Достук айылынын эли Баткендин борборуна баруу үчүн 8 чакырым жолдон өтүшөт.

«Биз мурдатан шаарга каттап келген жолдун 3-4 чакырымы Тажикстандын аймагында жайгашкан. Акыркы 5-6 жылдан бери ал жолдон жүрө албайбыз, тажиктер өткөрүшпөйт. Андыктан Баткендин борборуна көз карандысыз өзүбүздүн жолдон 45 чакырым аралыкты басып каттайбыз. Ошондуктан Тажикстан аркылуу өткөн 8 чакырымдык жолду кайрадан ачып берсе жакшы болот эле», - деди Достук айылынын тургуну Жунус Мухамадиев.

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөмбиев маселени жергиликтүү бийлик чече тургандыгын билдирди.

«Мындай көйгөлөрдү жергиликтүү бийлик, губернатор, аким, мэрлер кошуна эл менен сүйлөшүү жолу аркылуу чечсе болот», - деди ал.

Баткен облусунун башчысы Абиш Халмурзаев мунун баары өкмөттөр аралык комиссияда карала тургандыгын билдирди.

«Ушунун баары өкмөттөр аралык комиссияда каралат. Биз Согди облусунун жетекчиси менен жакшы алакадабыз. Согдий облусунан да бизге ошондой жерлерди (Кыргызстанга караган жолдор) берип жатышат. Мен дагы ал кишиге берем. Өткөндө Раватта, Ворухда да жолугушуулар болуп өттү. Биздин негизги максатыбыз — чек арадагы элдин ынтымакта жашоосуна шарт түзүү. Андактан спорттук иш-чараларды уюштуруп жана кошмо ишканаларды ачсак деп жатабыз», - деди Халмурзаев.

Достук айылы Тажикстандын Чарко айылы менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×