Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.01.2019 17:32 На русском

Караколдун кире беришиндеги арканын көрүнүшү кандай болот? (фото)

Turmush -  Каракол шаарынын түндүк тарабынан кире беришине «Ысык-Көл ааламдын кареги — Азиянын борбору» аталыштагы арка орнотуу пландалууда. Бул тууралуу шаар мэри Адыл Каниметов билдирди.

Анын айтымында, ага марафон аркылуу каражат чогултуу каралууда.

«Эшигин көрүп, төрүнө өт» деп айтылат эмеспи. Шаардын кире бериши шаар макамына жооп берсе деген максатта жасалууда. Быйыл Каракол шаарына 150 жыл болот. Мааракеде марафон уюштуруп, андан түшкөн каражатка шаарга көрүнүктүү нерсе жасоо пландалууда», - дейт ал.

Маалым болгондой, арканын бийиктиги 24 метр, туурасы 9 метр болмокчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×