Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Баткен облусу, Баткен 14.01.2019 10:18 На русском

Баткенде жаңы жылдан кийин күчүнө кирген мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштери башталды

Turmush -  Жаңы жылдан тарта күчүнө кирген мыйзамдар боюнча Баткен облустук прокуратурасы элге түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштады. Бул тууралуу прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, түшүндүрүү иштери 11-январь күнү башталды. Прокуратуранын өкүлдөрү ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте мекеме-ишканалардын кызматкерлерине, жергиликтүү тургундарга барып, жаңы мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. 2018-жылдын 14-январына чейин жаңы мыйзам боюнча Баткен облустук прокуратурасына 150 арыз-даттануулар жана маалыматтар катталган. Түшкөн маалыматтар боюнча облустук прокуратура тарабынан сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жыл башында коомдук жайларда түкүрүү, тамеки чегүү, жол эрежелери боюнча чыккан мыйзамдар күчүнө кирип, айып пулдардын өлчөмү көбөйтүлгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×