Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ош облусуАраван району 11.01.2019 17:18

Төө-Моюнда пахтанын баасы төмөндөп, дыйкандардын мээнети акталбай калды

Turmush -  Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Найман айылында пахта айдаган дыйкандардын эмгеги акталбай калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Ташмырза Чомонов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы пахтанын баасы 52 сом болсо, былтыр 47-42 сомго бааланды.

«Былтыр 2 гектар жерге пахта эгип, 4 тонна түшүм алдым. Өзүм 70-80 миң сомго банкрот болуп, пайда көргөн жокмун. Жайында күн да абдан ысык болгондуктан гүлү төгүлүп калды. Өзбекстандан келип пахта тергендерге 1 килограммына 5 сомдон, экинчи теримге 10 сомдон акы төлөдүк. Жер айдоо, дары чачуу, чабуу жана башка чыгымдары да толтура. Бир ай мурда Найман айылындагы пахта заводго пахтабызды тапшырып, акчабызды ала албай жүрөбүз», - дейт Ташмырза Чомонов.

Ал эми Найман айылындагы пахта заводдун жетекчиси Жоробек Жумагулов элдин акчасынын 95 пайызы берилгенин айтты.

«Биздин завод беш жылдан бери иштейт. Айрымдар пахтаны жазында сатуу үчүн сакташат. Былтыр сакталган пахта 56 сомдон сатылган. Быйыл пахта өстүргөндөр көбөйгөнү менен түшүмдү аз алып калышты. Кышында терилчү пахтаны да үшүк алып кетти. Завод 2000 тоннадан ашуун пахта кабыл алды. Анын 1-сорту 46 сомдон, 2-сорт 40 сомдон болуп жатат. Пахтасы сакталып тургандардын акчасы жазында берилет», - деди Жоробек Жумагулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.71% (107)
«Банк Компаньон»
19.91% (42)
«РСК Банк»
11.37% (24)
...
Всего голосов: 211
×