Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Баракелде, Бишкек 11.01.2019 16:58

С.Жээнбеков финансы министри Б.Жээнбаева менен 2019-жылга карата пландарды талкуулады

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-январда өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, көрүлүп жаткан чаралар жана 2019-жылга карата пландар талкууланды. Финансы министри республикалык бюджетке салык жана башка кирешелер тууралуу маалымат берди.

Мамлекет башчысы бюджеттин киреше бөлүгүн болжолдоодо экономиканын жана салык салуу режимдеринин бардык факторлорун эске алуу керектигине көңүл бурду. Ал финансылык тартипти бекемдөө, министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдарын оптималдаштыруу, республикалык бюджеттин балансын камсыз кылуу фискалдык тобокелдиктерди азайтуу боюнча маанилүү чаралар экенин белгиледи.

Мындан тышкары, президент бюджеттин аткарылышын 2018-2040-жылдары КР Өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына ылайык ишке ашыруу милдетин койду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×