Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Ош облусу, Ош 11.01.2019 16:07 На русском

Ошто мигранттын 2 жаштагы баласы чарчап калды. Анын өлүмүнө шектелип жеңеси кармалды

Turmush -  Ош шаарында 2 жаштагы наристенин өлүмүнө шектелип 30 жаштагы аял кармалды. Наристе кечээ, 10-январь күнү саат 15:00 чамасында Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген.

Ош ШИИБдин маалыматы боюнча, 2016-жылдын 2-сентябрында төрөлгөн наристенин агасы (баланын атасынын агасы) анын тарамышы түйүлүп жатканын айтып алып барган. Дарыгерлер баланы карап, ал ооруканага келгенге чейин эле каза болуп калганын айтып, ШИИБге билдиришкен.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө тобу жөнөтүлүп, окуя болгон жерде кароо жүргүзүлдү. Жабырлануучунун өлүмүнүн жана жаракатынын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Топтолгон материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Соттук-медициналык эксперттин катышуусунда наристенин жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, анын бети-башында, колдорунда жана сандарында көгөргөн жаракаттары, сол колунун билегинде ачык жаракаты бар экендиги аныкталган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кечээ күнү бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы — 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал өз көрсөтмөсүндө наристени шымына сийгендиги үчүн чымчып, буттарына уруп жүргөнүн билдирди. Анын айткандарын күйөөсү да тастыктап, аялы наристени тарбиялоо үчүн кээде кол көтөргөнүн айткан», - деп айтылат Ош ШИИБдин маалыматында.

Подозреваемая

Учурда бул факты боюнча окуяны толук жана объективдүү текшерүү, иликтөө иштери жүрүп жатат. Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту (Этиятсыздыктан ден соолукка өлүмгө алып келүүчү оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Маркум наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, балдар атасынын колунда калган. Атасы Россияга иштегени кетип, балдарын өткөн жылдын 30-декабрында агасына таштап кеткен. Каза болгон наристе эки бир тууган болгон. Ал эми шектүү аялдын 5 баласы бар.

------------------------------------------------------------------------------------------

Буга чейин Жети-Өгүз районунда 2 жаштагы бала өлтүрө сабалгандыгы маалымдалган.

Райондун прокурору Мирлан Аширбаев билдиргендей, 23-декабрда райондук ооруканага денесинен ар кандай оор жаракат алган Б.Алим (2017-жылдын 4-июнунда туулган) келип түшкөн. Бир аз убакыттан кийин ал каза болуп калган. Баланы апасы туугандарына таштап, өзү Москвага иштөө үчүн кеткен.

Баланын өлүмүнө шектүү делип 1978-жылы туулган Б.Алина кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми Жети-Өгүз райондук ооруканасынын дарыгерлери билдиргендей, наристе 23-декабрда саат 12:00 чамасында ооруканага оор абалда түшкөн. Алар баланы рентген аппаратка салып, башы катуу жабыркаганын аныкташкан. Мындан тышкары, денесиндө көк ала тактар болгон.

Оор абалдагы бала жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Алган жаракаты оор болгондуктан, ал өзүнө келбей, түнкү саат 01:00 чамасында чарчап калган. Кабыл алган дарыгерлер бала оор абалда түшкөндүктөн жана денесинде көк ала тактар болгондуктан милиция жана прокуратура кызматкерлерин чакырышкан.

Кийинчерээк Жети-Өгүз районунда катуу сабалгандан кийин ооруканада каза болгон 2 жаштагы баланын өлүмү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы С.Усубакунов маалымат берген.

Маалыматка караганда, 23-декабрда Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылынын 1978-жылы туулган тургуну тез жардым кызматын чакырган. Ага сиңдиси 2 жаштагы Б.Алим аттуу (2017-жылдын 4-июнунда туулган) баласын ушул жылдын 12-декабрында убактылуу карап туруу үчүн таштап кеткен. Сиңдиси 1997-жылы туулган, жолдошу менен 2016-жылы ажырашып кеткен. Алардын Б.Алим аттуу баласы энеси менен калган. Энеси 12-декабрда иштөө үчүн Москавага кетип, уулун бир тууган эжесине убактылуу таштаган.

Баланын таежесинин көрсөтмөсүндө наристе шымына сийип салгандыктан аны чымчып, чыбык менен эки ирет чапканын айткан. Андан соң баланы уктатып, жаткырып койгон. Бир аз убакыт өткөн соң баланы ойготоюн дегенде анын кыйналып жатканын көрүп, тез жардам кызматын чакырган. Бала оор абалда райондук ооруканага түшүп, өзүнө келбей каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×