Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ысык-Көл облусу, Каракол 11.01.2019 16:06

Караколдо милиционерлер аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына белек таратышты

Turmush -  Каракол шаарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери эски жаңы жылдын алдында мектептин активисттери менен биргеликте аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына белек тапшырышты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар Аяз ата жана Аяз кыздын формасын кийишип, аларды жаңы жылы менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты.

Иш-чарада милиция кызматкерлери жеке жана коомдук коопсуздук, жөө жана унаада жүрүүнүн эрежелери тууралуу айтып беришти. Балдар активисттер менен бирге жаңы жылга арналган ырларды айтып беришти. Алардын ар бири Аяз атанын колунан белек алышты.

Каракол ШИИБдин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынан билдиришкендей, белектер балдарга кайдыгер карабаган шаар тургундары тарабынан даярдалган. Алар жалпы 13 үй-бүлөдө болушуп, 20дан ашык балага белектерди тапшырышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×