Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Чүй облусуСокулук району 25.01.2019 23:52 На русском

Айыл турмушу: Жалгыз бой эне Г.Исраилова комузду бир жумага жетпей үйрөнүп, чоӊ сынакка катышкан (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районунун 33 жаштагы тургуну Гүлзада Исраилова чыгармачылык менен алектенип, үйлөнүү үлпөт тойлордо «Жар-жар» айтып келет. Ал учурда комуз чертүү жана вокал боюнча билим алууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Бир окуя эсимен такыр кетпейт. Анда комузду жаӊы эле үйрөнүп, чертип баштагам. Үйрөнгөнүмө бир жума боло элек болчу. 2016-жылы А.Шерматовдун "Доор таланттары" сынагы спорт ордосунда өтүп жаткан. Мен комузду бир жумага жетпей үйрөнүп алып эле, ал тургай вокалдан эч түшүнгүм жок туруп, аталган сынакка ырдап катышкам. Азыр эстесем, ошондо коркпой, сүрдөбөй ырдап чыкканыма таӊ калам», - деди ал.

Гүлзада Исраилова 2 жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келет.

«2 жылдан бери чыгармачылык менен алектенип келем. Жан дүйнөмдүн каалоосу менен ырдагым келди. Жолдошум менен ажарышкан убакта чыгармачылык менен аябай иштедим. Анткени ырдаганда бүт кайгы-капаны унутуп калчумун. Ошол кезде "Күнөө сенде эмес, күнөө менде эмес, күнөө сүйүүдө" деп ырдап баштагам. Учурда вокалдан жана комуздан билим алып, үйрөнүп жатам. Ошол эле маалда кыргызымдын жакшылык тойлорунда ырдап, "Жар-жар" айтуудамын. Азырынча ийгиликтерим ушулар. Дагы көп ийгиликтер алдыда деп ойлойм.

2017-жылы бир ырчынын кайрымдуулук концертинде маркум Гүлбүбү Орозкул кызы эжекебиз менен бирге дуэт ырдаган учурум эӊ бактылуу көз ирмемдердин бири болуп калды. Кийин сахнага чыгып калышыма чоң салымын кошту. Сахнада өзүңдү кандай алып жүрүү керектигин өзү менен кошо алып жүрүп үйрөткөн. Тойлорго да ээрчитип барчу. Учурда эженин ырларын аткарып жүрөм», - деди ал.

Гүлзада Исраилова 1986-жылы Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Комсомол айылында төрөлгөн.

«Жолдошум экөөбүз эки башка жолго түшкөнбүз. 1 уул, 1 кызым бар. Алдыга койгон максаттарым көп. Балдарыма туура тарбия берип, алардын жаркын келечегин түзүп берсем дейм. Өзүм болсо сахнадан ордумду таап, таланттуу ырчы болуп, эл сыймыгына айланарыма ишенем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×