Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Баткен облусуБаткен району 11.01.2019 14:25

Элет көйгөйү: Баткендик Достук айылында суу, жол, уюлдук байланыш маселелери элди убайымга салууда

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айыл Достук айылында суу, жол, жумушсуздук маселелери элди убайымга салып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Достук айылынын тургуну Абдрахман Бостоновдун айтымында, айылда жумуш жок. Чек арага жакын болгондуктан дыйканчылык кылууга же мал кармоого да шарт жок. Анткени кошуна өлкөнүн эли тарабынан кысымчылыктар көп болот. Айылдын жаштары жакшы жашоо издеп чек арадагы жерлерин таштап кетүүдө.

Достуктун дагы бир тургуну Жакып Мейликулов айылдын дагы бир көйгөйү суу тартыштыгы экендигин белгиледи. Айылга келүүчү суу Тажикстан аркылуу өткөндүктөн тажик тарап кааласа суу берет, каалабаса бербейт. Тажик айылдарын аралап келген суу булганып келгендиктен аны ичүүгө болбой калат. Бирок элеттиктердин ал сууну да ичүүгө аргасыз.

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Тургунбай Нышанбаев бул сөздөргө кошулбай тургандыгын билдирди. Анткени өткөн жылы Достук айылында суу түтүктөрү тартылып жана башка социалдык көйгөйлөр чечилген.

Достукта телефон байланышы да жакшы иштебейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×