Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-январь
Ош облусуНоокат району 11.01.2019 14:24

Ноокатта пара менен кармалган жер адиси кызматтан бошотулганына карабай иштеп жатабы?

Turmush -  Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн Нарай айылындагы айрым жашоочулар пара менен кармалган жер адиси жумуштан бошотулса да иштеп жатканын билдиришти.

Жергиликтүү жашоочу Кылычбек Мурзали уулу: «Соттун чечими чыкса да жер адиси дагы деле жер өлчөп, айыл өкмөткө барып, иштеп жүрөт. Өкмөттүн балансында турган жерлерди элге сатып, алар үй салып алышкан. 2011-жылы Орусиядан келсем "акча берсең жер беребиз" дешкен, бирок маани берген эмесмин. Жаңы конушка шагыл төгүп, трансформатор коюула турганын айтып, ар бир үй-бүлөдөн 6 миң сомдон чогултушту. 137 үй-бүлөнүн акчасы 2 млн сом болот экен. Шагылдын 1 тоннасын миң сомдон түшүргөндө да 177 миң сом болот. Акчанын, жерлердин отчетун сурасак беришпейт. Айыл башчыдан отчет алганга укугубуз бар», - деди.

Нарай айылынын айылдык кеңешинин депутаты Төрөгелди Жалалов төрага да отчет бербей жатканын айтты.

«Өткөн жылдын август айында 15 гектардан ашуун жер трансформация болгон. Бирок ал жерлерди кимдер алганы тууралуу отчет бериле элек. Жер адисинин ордуна башка фамилияны жаздыртып коюп, бирок өзү иштеп жүрөт», - деди Жалалов.

Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Ал эми жооптуу катчысы Нурматай Сулайманова жер адиси кызматынан убактылуу бошотулганын жана анын ордуна жардамчысы Каныбек Нурматов убактылуу иштеп жатканын билдирди.

--------------------------------------------------------------------------------------

Ноокат районундагы айыл өкмөттөрдүн биринин жер адиси пара менен кармалганы маалым болгон. Аймактык кабарчы укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга шилтеме берип билдиргендей, жер адис менен айылдык кеңештин депутаты жер тилке берүү убадасы менен акча алууну көздөшкөн.

Ал эми Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Кутман Турсункулов жер адиси кармалганын четке каккан болчу.

«Акча сунуштаган адам жайыт жерге мыйзамсыз үй салып алган. Комиссия текшерип, үйдү бузууга чечим чыгарган. Бирок ал адам ортого киши салып, акчасын жер адисинин үйүнө чейин барып бере албай жүргөн. Айылдык кеңештин депутаты акча сунуштаган кишинин кудасы болгондуктан ортомчулук кылып, акчаны жер адисине алып барып бермей болот. Депутат 50 миң сом акчаны алып, жер адисине кирип кеткен соң каржы полициясына кабарлап койгон. Жер адиси акчаны албай, депутат акчаны кайра алып чыгып бара жатканда кармалып калган. Учурда жер адиси ишин улантууда», - деген К.Турсункулов.

Кийинчерээк өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызмат Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси менен айылдык кеңештин депутаты мыйзамсыз акча алганын аныктаган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Ош облусунун Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнө М.К. аттуу тургун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жер адиси жер тилкесин бергени үчүн 50 миң сом опузалап талап кылганын айтып, арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 225-берененин (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) жана 166-берененин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын 17-августунда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кызматтык бөлмөсүндө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан убакта жер маселелери боюнча адис К.И. жана жергиликтүү кеңештин депутаты С.О. кармалган.

Ал эми 2018-жылы 18-сентябрь күнү аталган жер адиси айыл өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан бошотулган. Айыл өкмөттүн башчысы Кутманбек Турсункуловдун айтымында, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы ага 10-сентябрь күнү кат жолдогон.

«Аталган кызматтан жер адисти убактылуу иштен бошотуу туралуу кат келген. Жер адисин бүгүн эртең менен иштен бошотуп, буйрукка кол койдум», - деген К.Турсункулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×