Бөлүмдөр
Шаршемби, 27-март
Чүй облусу, Токмок 11.01.2019 13:52 На русском

Рингге чыкпайм, коркуп жатам… Ыйлаак болуп чоңойгон мушкер «Богомолго» кантип айланганын айтып берди

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 21 жаштагы тургуну Дөөлөтбек Бактыбеков 3 жылдан бери эрежесиз эр таймашта күчүн сынап келет. Ал буга чейин күрөш жана бокс менен машыккан.

Бала кезинде коркок болгон Дөөлөтбек «Богомол» деген каймана атка ээ болгон.

«Алгач бир жылдай күрөш менен машыгып жүрүп кийин спорттун бокс түрүнө өттүм. Анда дагы бир жыл машыгып, жергиликтүү клубга барып, эрежесиз эр таймаш боюнча 3 жылдан бери машыгып, бир топ беттештерге чыгып келем. Спортко келгенимдин себебим, кичинекей кезимде аябай коркок, ыйлаак болчумун. Байкем аскер кызматкери болуп иштейт. Ал кеӊешин берип, спорт менен машык деп калды. Ошентип өзүмдү коргоо үчүн спортко аралашып, кийин спорттун да өзүнчө дүйнөсү бар экенин түшүндүм. Ошентип ийгиликтер үчүн, ден соолукту чыӊдоо үчүн машыгып баштадым. Бир топ беттештерге чыгып, бир нече ийгиликтерди багындырдым», - деди ал.

Дөөлөтбек эӊ алгачкы мелдешинде агайын тамашага салганын унутпайт.

«Эрежесиз эр урушта эӊ алгачкы беттешим эсимен кетпейт. Мени аты-жөнүмдү айтып, беттешке чакырып калышты. Каршылашымды да чакырышты. Ошол маалда күтүүсүздөн эле агайымды тамашага салып, "агай мен чыкпай эле коеюнчу, коркуп жатам" десем агайым таӊ калып карап калды. Жанымдагы балдар да аябай күлүп жиберишти. Ошентип беттешке чыгып, атаандашымды жеӊип алдым», - деди ал.

Дөөлөтбек Бактыбеков бекеринен «Богомол» деген каймана ат ыйгарылбаганын да кошумчалады.

«Менин каймана атым "Богомол". Рингге "Богомол" деп айтып чакырышат. Богомол экөөбүздүн беттештеги ыкмаларыбыз окшош окшойт. Богомол дароо эле колдорун көтөрүп, кыймылдап эле турат эмеспи. Менин да кыймыл-аракетим аталган спортчуга окшош. Өзүмдү да эркин алып мушташам. Спортта жүргөн досторум, тааныштарымдын баары эле Богомол деп атай бергенинен, өзүм да Богомолду тандап, каймана ат койгонбуз», - деди ал.

Дөөлөтбек Бактыбеков 1998-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.

«1-классымда Караколдон Чүй облусунун Токмок шаарына көчүп келгенбиз. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсүмүн. Бир улуу байкем, үч эжем бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
45.49% (892)
«РСК Банк»
27.74% (544)
«Айыл Банк»
9.48% (186)
...
Всего голосов: 1961
×