Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Талас облусу, Талас 11.01.2019 13:41

Айыл турмушу: Таластык У.Чоокеева кайын энесинен мураска калган цехти иштетип, ишкерлик кылууда (фото)

Turmush -  Талас шаарынын 41 жаштагы тургуну Уулжазы Чоокеева 12 жылдан ашык убакыттан бери кайын энесинен калган нан жасоосу цехти иштетип келет. Аймактагы кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1978-жылы Бакай-Ата районунда төрөлгөн.

«Мен келин болуп келгенимде апам нан жасоочу цехти өзү иштетчү. Кийин ар бирин үйрөтүп, мага толук өткөрүп берген. Мен бул жерди өзүмө алып, иштеп жатканыма быйыл 12 жыл болду.
Албетте жумушта кийинчылык болбой койбойт. Азыр 9 кыз-келинди жумуш менен камсыздап жатабыз. Бизде нандардын түрлөрү, булочкалар, самса жасалат. Атайын тойлорго буйрутма менен пирамида нандарды жасайбыз. Шаар ичинде дүкөндөр, кафелер менен келишим түзүп алып иштешебиз. 1 нандын баасы 10 сомдон, 20 сомго чейин болот. Ал эми булочкалар 7 сомдон 10 сомго чейин бааланат. Бир айда орто эсеп менен 30миң сомго чейин киреше табабыз», - ишкер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×