Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
11.01.2019 13:33 На русском

Манас Ниязов Көчмөндөр оюндарында кийген формасын аукционго койду. Баасы 40,5 миң сомго жетти (сүрөт)

Turmush -  Белгилүү улакчы Манас Ниязовдун II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кийген формасы аукционго коюлду. Аукциондон түшкөн каражат улак тартышта жаракат алып, дарыланып жаткан Дастан Жакеевге жардам катары берилерин М.Ниязов тастыктады.

Баштапкы баасы 2000 сом менен башталган аукцион 19-январь күнү жыйынтыкталат. Учурда форманын баасы 40,5 миң сомго жетти. Каражатты Ниязов өз колу менен Д.Жакеевге тапшырат.

Аукцион Көк бөрү федерациясынын Instagram расмий баракчасында өтүп жатат.

Дастан Жакеев 2018-жылдын май айында «Аккула» ат майданында өткөн Чүй облусунун чемпионатында жаракат алган. Учурда Бишкек шаарында дарыланып жатат.

Ал кырсык болгон күнгө чейин 2 ай мурун аскерден келген. Улакчы 1999-жылы Чүйдүн Ысык-Ата районунда төрөлгөн.

----------------------------------------------------------------------------

Белгилүү улакчы Ниязовдордун үй-бүлөсүнөн чыккан Манас Ниязов өткөн жылдын 12-декабрында үйлөнгөн. Үйлөнүү тойго чет элдик улакчылар да күбө болушкан болчу.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×