Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Талас облусуТалас району 11.01.2019 11:41

«Кыргыздын салттуу музыкасын чет өлкөдө баалашат»: Үч кыл комуз менен дүйнө кезген Эмилбек (видео, сүрөт)

Turmush -  Кыргыздын салттуу музыкасы жана комуз менен дүйнөнүн ири шаарларын кыдырган 25 жаштагы жаш комузчу Эмилбек Ишенбек уулу чыгармачыл үй-бүлөдө ыр, күүгө сугарылып чоңойгон. Аймактык кабарчы өнөр ээси менен таанышты.

Эмилбек Ишенбек уулу Талас облусунун Талас районуна караштуу Каракол айылында туулган. Ал комузчу, обончу Ишен Календаров менен ырчы Гүлзат Байзакованын уулу.

Агасы Камбар Календеров композитор жана мультиинструменталист болсо, бабасы залкар обончу Атай Огонбаев менен дос болуп чогуу жүргөн Токтомуш аттуу төкмө акын болгон. Эмилбек үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу. Алгач Бишкектеги П.Ф.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде 2003-2009 жылдары виолончель аспабында (скрипка түркүмүнө кирген 4 кылдуу музыкалык аспап) окуган. Андан соң М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда 2009-2013 жылдары виолончелден билимин жогорулаткан. Азыркы учурда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында 5-курста Намазбек Уралиевде комузда окуйт.

«Мен алгач комузду атаман үйрөнгөм. Андан соң музыкалык мектептен билим алдым. Ошону менен устат-шакирт борборунда залкар комузчу Нурак Абдрахманов атабызда комузда, композитор, мультиинструменталист Нурланбек Нышановдо билимимди жогорулаттым. Өз алдынча эски залкарлардын запистерин угуп, кыл кыяк үйрөнүп жана Атай, Муса, Асек залкар аталарыбыздын ырларын угуп, нукура кыргыз вокалын изилдеп, өздөштүрүп келе жатам», - деди ал.

Э.Ишенбек уулу: «Алгачкы жолу концертте 1-классымда комуз чертип чыккам. Атам түзгөн "Үркөр" ансамбли менен "Жаш таланттар" сынагына катышып, 3 жолу баш байгени жеңүү менен чыгармачылыкка болгон кызыгуум күч алган. Азыркы күндө көптөгөн мамлекеттерди кыдырып, кыргыз салттуу музыкасын таанытып келе жатабыз. Айта кетсем Америка, Франция, Германия, Австрия, Голландия, Швейцария, Италия, Корея, Кувейт, Иран жана башка мамлекеттерде концерт бердик. 2016-жылы Америкадагы "One Beat" аттуу музыкалык долбоорго дүйнө жүзүнөн 3 миң музыкант ырчылар сынак аркылуу катышып, 25 киши тандалып алынып, Кыргызстандын атынан мен да өтүп кеткем. Бир ай бою дүйнө жүзүнүн булуң бурчунан келген 25 ырчы менен Американын Чикаго, Нью-Йорк, Нью-Орлеан, Орландо жана башка шаарларында биргелешип концерт коюп, укмуштуудай күндөрдү өткөрүп келдим. Ал музыканттар менен достошуп, кыргыздын маданиятын сыймыктануу менен тааныштырдым», - деди.

Ал чет өлкөлүктөр кыргыздын музыкасын суктануу менен угуп, бийик баа бергенин кошумчалады.

«Кызыгы Атай Огонбаев атабыздын "Ой булбул" деген ырын аткарып берсем, баары суктанышып, ырдын түзүлүшү, обону укмуш экен мындай ыр уккан эмес элек, шедевр экен дешип баа беришкен. Андан тышкары "Мурас" фольклордук ансамблибиз менен Самарканд шаарында өткөн бүткүл улуттар аралык сынакта 60тан ашуун мамлекет, 300дөн ашуун ырчы музыканттар катышып, 20 жылдык тарыхында кыргыздар биринчи жолу байгеге илинип, 2-орунду жеңип 5000 доллар утуп келдик. Күйгөнүбүз кыргыз салттуу музыкасы азыркы учурда өз элибизде бааланбай турган учуру. Бирок чет элде комуз, кыл кыяк, чопо чоор, ооз комуз аспаптарын, элдик эски ырларыбызды ээрчип, аркаңдан калбай суранып жүрүп угушат. Анткени кыргыз элинин кылым карыткан тарыхы, терең философиясы, духу, руху ошол ыр күүлөрдө чагылдырылган», - деди ал.

Эмилбек убагында «Ордо сахна» жана «Эл ырчысы Эстебес» тобунда эмгектенип кеткен. Учурда Армиянын борбордук үйүндө, «Мурас» фольклордук ансамблда эмгектенип жана жеке чыгармачылыктын үстүндө. Виолончелди 11 жыл окуган жаш талант кыл кыякты кармап бир жыл машыгып, кыл кыякчылар сынагында баш байгени жеңип алган.

Ал учурда бойдок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×