Бөлүмдөр
Бейшемби, 24-январь
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 11.01.2019 11:15

Ак-Сууда балдарга зомбулук кылуунун алдын алуу боюнча штаб иштеп баштады

Turmush -  Ак-Суу районунун ар бир айылында балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча штабдар түзүлүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-январда бул боюнча облустук штабдын курамы Ак-Суу районундагы Кара-Жал, Каракол, Теплоключенка, Кереге-Таш, Боз-Учук айыл өкмөттөрүндөгү штабдар менен жыйын өткөрүп, мигранттардын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөрдө болушту.

Эми Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын тескемеси менен ар бир айылда штабдар түзүлүп, мигранттардын балдарын аныктоо боюнча үймө-үй кыдыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×