Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Ош облусу, Ош 11.01.2019 10:53 На русском

Боюнда бар деген жасалма маалым кат менен жашы жете элек кыздарын күйөөгө бергендер кездешет, - гендердик эксперт

Turmush -  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине 2016-жылдын 17-ноябрында жашы 18ге жете элек адамдар менен никеге турууга, диний каада жүргүзүүгө тыюу салган жаңы берене киргизилген. Андан бери расмий статистика эрезеге жете электер менен никелешүү фактыларынын азайганын көрсөтүүдө, бирок эксперттер реалдуу көрүнүш башка экенин айтышат.

Жашы жете элек куракта нике кыюу балдардын укуктарын бузат. Толукталган мыйзам боюнча, 18 жашка чейинки адамдар менен нике кыюу фактысы катталса, нике кыйган молдо, эки жарандын ата-энелери жана ага үйлөнүп жаткан жаран жазага тартылат.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 155-1-беренеси

Нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу менен ага карата никеге туруу боюнча диний каада жасалган адамдын:

1. ата энелери (же камкорчусу);

2. никеге диний каада жасаган адам (молдо же чиркөө кызматкери, же башка конфессиянын диний кызматкери);

3. жашы жете элек адамга үйлөнүп жаткан жаран (аялы же күйөөсү) жашы жете элек жаранды никеге турууга карата диний каада жасагандыгы үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бул мыйзам расмий кабыл алынып, күчүнө киргенине 2 жылдан ашты. Бул жаатта кандай жылыш болгонун гендер маселелери боюнча эксперт, «Аялдар тынчтык банкы» коомдук фондунун жетекчиси Гүлсана Абытова төмөнкүлөрдү билдирди.

«Мыйзамды ишке ашырууда жылыштар бар, айрыкча аймактарда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоого алышкан. Бирок алыскы аймактарда жашаган көпчүлүк элге маалымат жете элек. Ал эми маалымат активдүү таратылган жерлердеги эл кыздарын эрте турмушка берүүдөн коркуп калышты десек болот. Ошентсе да көмүскө түрдө эрте никелешүүгө жол берилип жатат. Айрым ата-энелер 18 жашка чыга элек кыздарына гинекологдордон боюнда болуп калды деген жасалма маалым кат жасатып алып, жоопко тартылып калбоонун жолун таап, кыздарын турмушка берип коюшууда. Гинекологдун маалым каты бар болгону үчүн айыл өкмөттөр да уруксат берүүгө аргасыз. Мыйзамды жакшы билген расмий имамдар мындай учурларда нике окуудан баш тартып жатышат. Ал эми расмий имам эмес, бирок дин боюнча түшүнүгү, сабаты бар молдолор жашыруун түрдө нике кыйып коюшууда. Мындай фактылар болуп жатканы тууралуу жыйындарда гана айтылып, расмий маалымат берүүдөн дарыгерлер да, ата-энелер да баш тартып жатышат», - деди ал.

Эксперт мындай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн эмне кылуу керек, кимдер менен көбүрөөк иштешүү керек деген суроолорго жооп берди.

«Гинекологдор тарабынан маалым кат берилип жатканы өтө жашыруун жүргүзүлүп, ачык айтылбай жаткан фактылар. Бул көрүнүш дарыгерлердин кичине акчага кызыкканынан болуп жатат. Бирок негизги фигурант ата-энелер. Эгерде алар дарыгерге жалдырап барбаса мындай көрүнүш болмок эмес. Бул мыйзамды ата-энелер түптүз кабыл алып жатышат. Аны кантип байкаса болот? Азыр тойлор кыз 18 жашка чыккан күнү өтүүдө. Айыл өкмөттөргө кыздардын аталары "тойго уруксат берип койгула" деп жалдырап барган учурлары көп экен. Айыл өкмөттөгүлөр "чыдап тургула, туулган күнүнө аз калыптыр" деп араң көндүрүп жатканын айтышууда. Мындай фактылар ата-энелер кыздарын турмушка берүүгө шашылып жатканынан кабар берет. Албетте ата-энелер, жаштар менен көбүрөөк иштешип, билимге тартуу керектигин жайылтуу зарыл», - деди Г.Абытова

Гүлсана Абытова: «Маалыматтык өнөктүк алкагында өлкөнүн 7 облусунан жана эки шаарынан экиден диний лидерлерди тандап, тренинг өткөрүп, эрте никелешүүнүн зыяны тууралуу маалымат берилди. Фильмдер, социалдык роликтер көрсөтүлүп, ошондой эле китепчелер, материалдар менен камсыз болушту. Ал тренингден кийин катышуучулар кыздар медреселеринде, жума намаз учурунда мечиттерде "Эрезеге жете электе никеге туруу — кылмыш" деген темада окутууларды активдүү өткөрүп жатышат», - деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×