Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.01.2019 10:13

Ысык-Көлдө мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим балдарды окутуучу борбор ачылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында социалдык жактан жардамга муктаж, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесинен эрте ажыраган балдарды окутуучу борбор ачылды, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Борбордун ачылышына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, демөөрчүлөр катышты.

Борбор ачууну айылдагы «Жөлөгөн» кайрымдуулук бирикмесинин жетекчиси Барчын Токторбаева демилгелеп, эл аралык кайрымдуулук уюмдун жардамы менен курулган. Имарат 30 балага ылайыкталып, жакын арада жардамга муктаж балдар окутулуп баштайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×