Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Баракелде, Бишкек 11.01.2019 09:57

Акыркы суткада өлкө аймагында 8 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 8 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 11-январда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Бишкектеги Ленин районунун Москва менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде оор жүк ташуучу «ЗИЛ-130» унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу өрткө себеп болгон.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Ноокен районунун Масы айылында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 48 чарчы метр чатыры, 150 боо жүгөрү сабагы жана 150 түк беде күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×