Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Ош облусу, Ош 11.01.2019 09:37

Ош—Баткен—Исфана жолунун 1 чакырымы 1,6 млн сомго жарыктандырылды

Turmush -  Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 1 чакырым аралыгы жарыктандырылды. Ош шаарынын кире беришиндеги жолду жарыктандырууга 1 млн 665 миң сом сарпталган.

Мэриянын маалыматы боюнча, негизги жолдогу жарык берүүчү жабдууларды жаңыртуу аракеттери коопсуздукту камсыздоо, жүргүнчүлөр менен айдоочуларга жакшы шарттарды түзүү максатында демилгеленген. Ал эми жарыктандырылган жол Жапалак айыл аймактык башкармалыгына карайт.

Ошондой эле жолдорду жарыктандыруу иштери Ош шаарын өнүктүрүү программасында камтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×