Бөлүмдөр
Ишемби, 23-март
Чүй облусу, Токмок 11.01.2019 10:55 Жаңыланды: 11.01.2019 18:32 На русском

Тагдыр: Тойдон келе жатып жол кырсыкка кабылган Айзада 6 операциядан кийин кайра басууну үйрөнүүдө (фото)

Turmush -  Токмок шаарынын 35 жаштагы тургуну Айзада Кадыракунова 8 жыл мурун жол кырсыкка кабылып, анын кесепетинен баспай калган. Ал жол кырсыктан кийинки жашоосу тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Өзүнүн айтымында, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында төрөлүп, ошол жерде өскөн. Нарын мамлекеттик университетинде билим алып, андан кийин Бишкек шаарында ар кандай курстарда окуган.

«2010-жылдын күз мезгили болчу, иним үйлөнүп, биз Бишкектен айылга тойго бардык. 2 күндөн кийин жумушка шашкандыктан такси чакыртып, эжем жана балдары болуп жолго чыктык. Жолдон кантип кырсыкка кабылганыбызды азыркыга чейин билбейм. Эжемдин айтып бергени боюнча айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып кетип, унаа бир нече жолу оодарылып кеткен экен. Ошол убакта мен 20 метрдей ыргып, чоң ташка жыгылып, катуу жаракат алыптырмын. Биринчи жардамды Нарын шаарынын ооруканасынан көрсөтүшүптүр. Кан көп кете бергендиктен операция жасалыптыр. Ата-энемдер келип, ар кайсы палатага чуркап жүрүшүптүр, анткени менден тышкары эжемдин кызы менен баласы дагы оор абалда жаткан экен.

Дарыгерлер мени жарым мүнөткө кечиккенде кан кете берип, кеч болуп калмак деп айтышыптыр. Ички органдарым катуу жабыркап, кабыргаларым жана омурткаларым сыныптыр. Бишкектен санавиация чакыртышып, наркоз тарай электе эле алып жөнөшүптүр. Улуттук ооруканага алып келип, ал жактан омурткаларыма 2-операция жасалды. Мен 7 күндөн кийин оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө өзүмө келдим», - дейт ал.

Анын айтымында, ошол жылдан бери ал оору менен күрөшүп келет.

«Өзүмдүн абалым оор болгонго байланыштуу белимден ылдый сезим жок экенин башында байкаган эмесмин. Ата-энем, бир туугандарым ар кайсы ооруканага алып барып жүрүштү. Атамдын жүрөгү ооручу, биздин кыйналганыбызды көрүп жүрөгү катуу кармап, ооруканага жатып калды. Мен 1 айдан кийин үйгө чыгып келип, эч кыймылдай албай жаттым. 1 айдан кийин 3-операция жасалды, анткени аркама салынган темир кайра чыгып калган үчүн алууга туура келди. Ошол убакта атам эртең менен келип: «кызым, жакшы уктадынбы?» деп, бетимден өөп кетчү. Атамдын медициналык түшүнүгү болгон үчүн менин абалымды жакшы билген окшойт. Алдыда көп кыйынчылыктар күтүп турганын ошондо эле билиптир. Ошентип атамдын жүрөгү кайра кармап жыгылып, бизди таштап кетти. Мага анын каза болгонун айтышпай, ооруканада деп коюшуптур. Көрсө атамды айылга алып барып коюп келишиптир. Бир жумадан кийин мага угузушту. Менин абалым эки эсе оорлоду. Ошол убакта мени жашоого үндөгөн бир гана апам, бир туугандарым болду», - дейт ал.

Айзада кийинчерээк Россиядагы ооруканадан дарыланып келген.

«Бир айдан кийин дарыгерлер бизди Россияга жөнөтүштү. Ал кезде мен отура алчу эмесмин. Учакка 3 кишилик оорунга жаткырып, 3 киши коштоп барды. Россиянын дарыгерлери текшерип көрүшүп, 2 операция жасаларын жана ага 10 миң доллар каражат кетерин айтышты. Бирок организм алсыз болгондуктан, операцияны 6 айга жылдырып коюшту. Мен дарыланып, кайра келе бердим. Бишкектен №4 ооруканага барып, травматология бөлүмүндө дарыланып, ал жактан дагы операция болдум. Акыркы 6-операция аябай оор болгондуктан аны белгилүү хирург Сабырбек Жумабеков өзү жасады, 40 күн ооруканада жаттым. Көрсө бизде дагы эң күчтүү дарыгерлер бар экен. 6 айдан кийин отуруп калдым. Ошондо жаңы жашоо башталды», - дейт Айзада.

Анын айтымында, операциядан кийин көнүгүүлөрдө жасап жүрүп, 2 жылдан кийин отуруп калган.

«Депрессия болдум, азыр колу-буту соо туруп, иштеп жүргөн адамдар деле депрессияга кабылып жатат. Келечегим эмне болот деген ой түйшөлтпөй койбойт экен. Бирок тирүү калганыңдын өзү бакыт экенин түшүнүп, мага ушундай жашоо буюрганына дагы шүгүр кылып баштадым. Тирүү калганым кудайдын мага берген чоң белеги экенин билдим. Көптөгөн адамдар убагында жардамын аяган жок, аларга аябай ыраазымын. Жанымдагы жакын адамдар «Айзада, сен күчтүүсүң, баарын жеңесиң» деген сөздөрү дайыма айтып, мага дем-күч берип келишет. Курсташтарым, классташтарым келип, көңүлүмдү көтөрүп кетишет. Эненин мээрими ушунчалык чексиз болот экен, апамдын дайыма жанымда болгону мага тоодой күч-кубат берет.

Ар бир кыйынчылыктын артында чоң эмгек бар, өзүңдүн акыл-эсиңдеги жаман ойлордон кутулуу, жаман адаттардан арылуу көп эмгекти талап кыла турганын түшүндүм. Үйдө отургандыктан көп изденүү жана эмгектенүү керек экен. Учурда басып кетүүгө аракет кылып жатам. Буттарымда сезим жок, бирок акырындык менен ооруганын сезе баштадым. Аз-аздан болсо да жылыш болуп жатканы сезилет, анткени жөн эле түз отурууну 2 жылда үйрөнгөм. Башында кичинекей баладай жыгыла берчүмүн, эки жагыма жаздыкчаларды тиреп коюшчу.

Интернеттен чет мамлекетте бизге окшогондор кантип калыбына келгенин көрүп, мен дагы көнүгүүлөрдү жасап жатам. Жерге төрт аяктап туруу мен үчүн чоң эмгек. Жөрмөлөп калганымда абдан сүйүндүм. Бул окуя мага көп нерсени үйрөттү, көп ойлонуп, жашоодо мурун көрбөй жүргөн көп нерсеге маани берип калдым. Аз да болсо бирөөлөргө бакыт, кубаныч тартуулагым келет», - деди Айзада.

Ошондой эле ал үйдө ар кандай көнүгүүлөрдү жасагандан тышкары, кол өнөрчүлүк менен дагы алектенет.

«Көп убактымды көнүгүү жасоо менен өткөрөм жана кол өнөрчүлүк менен алектенип, кыз-келиндерге шурулардан ар кандай азем белектерди жасайм. Башында жөн гана белек кылуу максатында жасачумун, кийин мага буюртмалар дагы түшө баштады. Бош убакта 30 мүнөт гана отура алам, ошол убакта азем белек жасайм, аны каалоочулар сатып алышат. Бул жумуш мага күч-кубат, ой жүгүртүүмө жардам берет.

Токмок шаарында 72 жаштагы апам, байкем үй-бүлөсү менен жашайбыз. 10 бир тууганмын, мен тогузунчусумун. Бардык бир туугандарым үй-бүлө курушкан. Турмушка чыккан жокмун. Келечекте Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн реабилитациялык борбор ачууну кыялданам. Анткени канчалаган адамдар Казакстан, Россия, Украинага барып жүрүшөт. Ал үчүн көптөгөн акча сарпташат. Ошондуктан башка өлкөлөрдөгү ооруканада түзүлгөн шарттарды биздин мамлекетте эмнеге түзүүгө болбосун деп ойлойм», - дейт Айзада.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.43% (651)
«РСК Банк»
29.59% (382)
«Капитал Банк»
7.13% (92)
...
Всего голосов: 1291
×