Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
10.01.2019 22:00 На русском

Мууздалган таксисттин балдарына атасынын унаасы кайтарылып берилди

Turmush -  Чүй облусунда киши колдуу болуп көз жумган таксисттин балдарына атасынын унаасы кайтарылып берилди.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 6-августта Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө дайынсыз жоголгон кишинин 1951-жылы туулган жубайы арыз менен кайрылган. Бул арыз кылмыш каттоо китебине катталып, ыкчам иликтөө тобу издөө иштерин башташкан. 6-августта кечки саат 22:00 чамасында ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан жоголгон адамдын «Хонда Одиссей» үлгүсүндөгү унаасы Кант шаарынын Хунчи айылынын жанындагы айдоо талаасынан табылган.

«Милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөөсүнүн натыйжасында 52 жаштагы Ч.Б.нын жансыз денеси Кант шаарына кетип бараткан жакта, тактап айтканда Хунчи менен Биринчи май айылдарынын ортосундагы айдоо аянтчасынан табылган», - деп билдиришти.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон .

Ал эми «Хонда Одиссей» унаасында кандын тактары болгондуктан тиешелүү экспертизалар дайындалып, акт түзүү жолу менен Кант шаарындагы айып пул төлөөчү жайга токтотулган. 2018-жылдын ноябрь айында кылмыш иши Чүй ОИИББдин тергөө кызматынын өндүрүшүнө өткөн. 27-декабрда өлтүрүлгөн кишинин 21 жаштагы уулу Ысык-Ата РИИБге атасынын унаасын акча каражатын төлөбөй алуу боюнча арыз менен кайрылган. 2019-жылдын 4-январында Чүй ОИИББдин тергөө кызматы аталган унааны сакталган тил каттын негизинде маркумдун жакындарына кайтарууга уруксатын берген.

«Бүгүнкү күндө унаа туугандарына кайтарылып берилди. Алардын эч кандай нааразычылыктары жок.

Мамлекеттик унаа токтотуучу жайлар жок болгондуктан автоунаалар жеке айып пул төлөөчү жайларга токтотулат жана бардык төлөмдөрдү жеке тараптар алышат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин киши колдуу болуп көз жумган таксисттин балдары 5 айдан бери кылмыштын бети ачылбай жатканына нааразы болуп аймактык кабарчыга кайрылышкан. Ошондой эле атасынын автоунаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, ага 15 миң сом сурап жатышкандыгын билдиришкен.

Бирок кийинчерээк маркумдун балдары: «Бизге унааны кайтарып беришти. Биздин тергөөчүлөргө эч кандай нааразычылыгыбыз жок. Тергөө иши жүрүп жатат», - дешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×