Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуЖумгал району 10.01.2019 17:20

Жумгалда айдоочуларга жаңы жол мыйзамдары түшүндүрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташыган айдоочуларга жаңы мыйзамдар түшүндүрүлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жумгал РИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан айдоочуларга айып пулдар, жол эрежеси боюнча күчөтүлгөн тартиптер жана мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтар берилди. Ал эми айдоочулардын көбү өкмөттүн мындай тартип мыйзамы коомчулукка терс угулуп жатканы эле болбосо, айып пулдардын жогорулашы менен тартиптин күчөтүлгөнү жүргүнчү ташыгандарга жакканын билдиришти. Себеби, алар күн-түн жолдо жүргөндүктөн айрым айдоочулардын көп мыйзам бузгандарына күбө болуп келишерин баса белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×