Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
10.01.2019 16:17 На русском

Чүйдө подполковниктин жансыз денеси табылды

Turmush -  Бүгүн, 10-январда Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Күнболот Касмалиевдин (1982-жылы туулган) жансыз денеси табылды.

ИИМдин маалыматы боюнча, саат 01:00 чамасында Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек—Торугарт айлампа жолунун 16-чакырымында автоунаа жөө адамды сүзүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 01:00 чамасында белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, өзү качып кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган жабырлануучу жол кырсыгы болгон жерден каза болгон.

Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тобу окуя болгон жерде кароо жүргүзүп, маркумдун аты-жөнүн тактоо, шектүү айдоочуну аныктоо жана кармоо аракеттери башталган. Жыйынтыгында жөө жүргүнчү Нарын ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Касмалиев Күнболот экендиги аныкталган.

Подполковник Күнболот Касымалиев

Бул факт боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, ардагерлердин кеңеши жана өздүк курам, ошондой эле Нарын ОИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы, ардагерлер кеңеши, ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×