Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Баткен облусуБаткен району 10.01.2019 16:32

Баткендин Достук айылындагы чек арачыларга батирлер берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 10-январда Баткен районунун Достук айылындагы чек ара заставасындагы чек арачыларга батирлер тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Бул жерде 2 жылдан бери иштеп келе жаткан Ядгарбек Алдоозов батир алып, үй-бүлөсү менен кубанычка бөлөндү. Жубайы экөө 1 уулдун ата-энеси. Үйдүн ачкычын Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөмбиев тапшырды.

«Менин бул жакта иштегениме 2 жыл болду. Бул жакта жашоо шарт дагы кыйын. Үй-бүлөм менен элдин үйлөрүн ижарага алып жашап келдим. Үй-бүлөң тынч болсо көңүлүң ток болуп, жумушуңду да жакшы аткарасың», - деди ал.

Достук айылы Тажикстандын айылдары менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.71% (107)
«Банк Компаньон»
18.72% (38)
«РСК Банк»
11.82% (24)
...
Всего голосов: 203
×