Бөлүмдөр
Жекшемби, 16-июнь
Баракелде, Бишкек 10.01.2019 15:07 На русском

Бишкекте 23 жаштагы кызды «Тойота» сүзүп кетти

Turmush -  Бишкек шаарынын 7-апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан жаш кыз жаракат алды. Окуя бүгүн, 10-январда саат 08:20 чамаларында болгонун ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Тойота Альтеза» унаасы 1996-жылы төрөлгөн кызды сүзүп кеткен. Болжолдуу маалымат боюнча, ал жөө адамдардын өтмөгүнөн өткөн эмес.

Унаа айып аянтчасына токтотулуп, жабырлануучу ооруканага жаткырылды. Ал эми топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×