Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 10.01.2019 13:57

Кара-Көлдө аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына стипендия, белектер берилди (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына стипендиялар жана белектер тапшырылды. Аталган маалыматты «Мүрөк» кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Мэлис Чилетиров билдирди.

Маалым болгондой, 6-январда «Мүрөк» коомдук бирикмесинде каттоодо турган муктаж үй-бүлөлөрдүн 1-класстан 11-класска чейин окуган балдарына 2-чейректин жыйынтыгы менен 1000 сомдон сертификаттар, белектер берилди. Тапшыруу иш-чарасында аларга логикалык суроолор да берилип, баарлашуулар болду.

Мындан сырткары, жардамга муктаж жарандарга жардам берүү максатында шаар тургундарынын демөөрчүлүгү менен «Мүрөк» кайрымдуулук фондуна 10000 сомдук сертификат тапшырылды.

«Сый тамак уюштурууга дагы шаар тургуну демөөрчүлүк кылган. Ошондой эле эмеректерди жасоочу салон балдарга үч стол белекке беришти. Жалпы 20 балага 1000 сомдон сертификат тапшырылды. Бул сертификат ар бир айда берилет. Мыкты, жакшы окуган окуучулар сертификатка ээ болгон соң, шаардагы келишим түзүлгөн дүкөндөрдүн бирине барып, үй-бүлө тиричилигине керектүү тамак-аш, азык -түлүк, буюм же зарыл нерсесин сатып ала алышат», - деп билдиришти аталган фонддон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×