Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-март
Жалал-Абад облусуАксы району 10.01.2019 12:47 На русском

Аксыда «Портерде» бара жаткан жүргүнчү 2 метрлик тосмого урунуп мерт кетти (фото)

Turmush -  Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы жолдо «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаада бара жаткан жүргүнчү 2 метрлик темир тосмого башы менен урунган. Ал көп узабай көз жумду. Бул маалыматты аймактык кабарчы жергиликтүүлөргө таянуу менен билдирди.

Маалым болгондой, аталган айыл аймактагы Н.Мешков атындагы борбордук көчөдө оор жүк ташуучу унаалардын айылга кирүүсүн алдын алуу үчүн атайын 2 метрлик тосмо коюлган. Ушул жылдын 7-январында «Hyundai Рorter» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаада бара жаткан Тотой аттуу 42 жаштагы тургун 2 метрлик темир тосмого жеткенде тура калып, темирди сүзгөн. Жергиликтүү жашоочу ошол жерден эле жан берген.

«Айылдын М. аттуу тургуну «Hyundai Рorter» унаасы менен бара жатканда маркум үйүнө жетип алуу үчүн унаага отурган экен. Темир тосмону байкабай ошол жерге жеткенде тура калып, катуу жаракат алды», - дешет айылдыктар.

Үч-Коргон аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башкы дарыгери Гиёзжон Тураев окуяны тастыктап, маркумду ооруканага алып келишкенде үзүлгөнүн билдирди.

Буга чейин айыл өкмөттүн аймагында жол кырсыгы катталып, 22 жаштагы жигит каза болгондугу айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
37.17% (113)
«РСК Банк»
21.05% (64)
«Банк Компаньон»
16.45% (50)
...
Всего голосов: 304
×