Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Чүй облусуСокулук району 10.01.2019 12:19 Жаңыланды: 10.01.2019 15:30

Жаш саяпкер Рамилдин 25 000 долларга сатпай койгон тулпары Көчмөндөр оюндарына 10 күн калганда буту сынып, союлган

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 25 жаштагы тургуну Доктурбек уулу Рамил 2010-жылдан бери саяпкерлик өнөр менен алектенип келет. Анын 25 миӊ долларга сатпай койгон Бай-Булак аттуу тулпары Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жатып, ат чабышка 10 күн калганда буту сынып калган. Мындан улам аны адалдап союуга туура келип, саяпкер 2 күн ыйлаган. Рамил менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ат минип, ат таптоого таякеси себепкер болгон.

«2010-жылдан баштап ат минип, аны таптоого аралашып калдым. Өзүм да кызыкчумун. Негизи саяпкерликке кызыгып калуума таякем себепкер болгон. Өзүм таята, таенемдин колунда өскөм. Ошондо таякем экөөбүз бир туугандай эле болуп калганбыз. 2010-жылы таякем Ысык-Көлдөн асыл тукумдуу эки жылкы алып келип калды. Бири эркек, экинчиси ургаачы тай экен. Ат жөнүндө түшүнүгүм жок болсо да, аябай суктандым. Ошентип таякемдин жанында чогуу жүрүп, аларды тапташып, сугарышып, минип жүрүп жылкы жандыгына жакын болуп кеттим.

Сокулукка көчүп келгенден кийин кошуна айылыбыздагы Шакин Дүйшөнбиев деген өтө тажрыйбалуу саяпкер байкени да ээрчип жүрүп үйрөндүм. Ат таптоодо пайдубалымды ошол байке курган десем жаӊылышпайм.

Эӊ биринчи таптаган атым Арабийка деген кунан болгон. Ал убакта тажрыйбам аябай эле аз болуп, ушул атты таптайм деп көп нерсе үйрөндүм. Ошол Арабийка деген тулпарым аябай чыдамдуу, мүнөзү жеӊил, көздөрү ар дайым жанып турчу. Андан бери бир топ жылкыларды таптап келдим. Алардын ичинен Бай-Булак деген атты таптап, кунан кезинде облус боюнча дайыма байгелүү орундарга илинип жүрдүм. Кийин аламан байгеде алдына ат салдырган эмес. Сегиз жолу аламан байгеге чабылып, сегиз жолу теӊ биринчи болгон. Бай-Булактын баасы 25 миӊ долларга чейин чыгып, бирок сатпай койгонбуз. Ал аябай өзгөчө жаныбар болчу. Жемди көп талап кылган, жоош, чарчабаган ат эле. Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоо турдан өтүп, ат чабышка 10 күн убакыт калганда даярдык учурунда бутун кокустан сындырып алганбыз. Ошондо эки күн ыйлагам. Буту сынгандан кийин адалдап союп салганбыз», - деди ал.

Доктурбек уулу Рамил саяпкерлик оӊой иш эмес экенин, аны өзгөчө мүнөздөгү адамдар аркалай турганын баса белгиледи.

«Саяпкерлик оӊой иш эмес. Саяпкерликке сабырдуулук менен убакыт саатка так жүргөн, атты сезе билип, тазалыкты талап кылган өзгөчө мүнөздүү кишилер гана жарайт. Саяпкер адам кандай ат болсо да жаман көрбөйт. Ар дайым изденүүнүн үстүндө жүрүш керек. Анткени аттар бири-бирине окшошпойт. Кайсы атка канча тамак, канча машыгуу берүүнү билген саяпкерди жылкысы дагы түшүнө баштайт», - деди жаш саяпкер.

Каарманыбыз 2018-жылы эки автоунаа утуп алган.

«2018-жыл биз үчүн жемиштүү болуп, кудайымдын буйругу менен эки автоунаа уттук. Буга чейин жалаӊ акчалай байге утуп келгенбиз. Жылдын аягындагы оюнга «Ак-Кула» ипподромуна эки тулпар алып бардык. 11 чакырым аралыкка чуркаган Хан-Курон тулпарым биринчи орунду алып, автоунаа уттук. Андан мурунку мелдеште да унаа утканбыз. Экинчи Дос деген тулпарым менен аламан жарышка чыгып, 31 чакырым аралыкта экинчи келип, акчалай байгеге ээ болдук.

Келечекке буюрса максаттар көп. Саяпкерлик — бул түбү жок түгөнгүс илим. Дагы өздөштүрүп, мыкты күлүк чыгарып, таптасам дейм», - деди ал.

Доктурбек уулу Рамил 1994-жылы Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылында төрөлгөн.

«Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусумун. Менден кийин эки карындашым бар. 2018-жылы келинчегим экөөбүз баш коштук. Билимим жогорку, экология тармагында билимим бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×