Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-январь
Ош облусуАлай району 15.01.2019 00:24 На русском

Айыл турмушу: Саяпкер Б.Маматумаров мыкты күлүк аталган Ахиллести таластык улакчыларга сатпай койгон (видео)

Turmush -  Алай районунун тургуну Байыш Маматумаров жаш кезинен эле жылкыга жакын болуп, ат таптап келет. Ал 6 жыл мурун базардан сатып алган күлүгү быйыл чоң улактарга түшүп баштаганын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Бул атты 6 жыл мурун Өзгөн районундагы мал базардан сатып алып, өзүм бактым. Асыл тукум аттардай бийик болбосо да, узун ат. Абдан бат чуркайт. Мурун кашка ат деп койчубуз. Таластагы "Ынтымак" командасындагы Ахиллес аттуу атка окшош, олжосун алдырбайт. Күлүк болгондуктан бул атка дагы Ахиллес деген атты ыйгарганбыз. Баламдын эң жакшы көргөн аты, ар дайым көк бөрүгө катышып, байгелүү кайтат», - деди Б.Маматумаров.

ахил

Байыш мырзанын уулу Дамир Токтоматов атты сатпай тургандыгын, таластыктар көп кызыкканын айтты.

«Ахиллес атымды таластык улакчылар сатып алабыз деп 2-3 жолу кызыгып кетишти. Биз атты саткан жокпуз. Негизи бул ат аябай күлүк. Көк бөрүдө жекеме-жекеге чыкканда дагы жакшы кармашат. Улакчылардын тили менен айтканда жакшы жатат. Каршылаш атка жатып, улакты жерден алууда ээсине чоң жардам берет. 3 жылдан бери улакка катыштырып келем. Буга чейин анча чоң эмес улак тартыштарга катышса, быйыл чоң улактарга катышып, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө», - деди Д.Токтоматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×