Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусуЧаткал району 10.01.2019 10:27

Чаткалда унаа жолго түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды

Turmush -  Кечээ, 9-январда Чаткал районундагы унаа жолго түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 10-январда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя саат 17:20 чамасында Ала-Бука–Жаңы-Базар–Киров унаа жолунун 99-чакырымында (Капчыгай тилкеси) болгон. Анда көлөмү болжол менен 1000 метр куб кар көчкү түшүп, унаа жол бир тараптуу жабылган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Кар көчкүнү тазалоого №27 жол тейтөө ишканасынан 1 жүктөгүч жана 1 бульдозер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 18:04дө унаа жол толугу менен тазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×