Бөлүмдөр
Ишемби, 20-июль
10.01.2019 09:59

Түптө 28 жаштагы Айсалкын 3 эм төрөп, 5 баланын энеси болду. Үй-бүлө жардамга муктаж (фото)

Turmush -  Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Эрмекан Дүйшөбаева баштаган топ Айсалкын Ботаева төрөгөн 3 эм кыздын акыбалы менен таанышып келишти.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, аларды Кудургу айыл аймагынын Ой-Булак айылындагы Алдаярбек Ботаев менен Майрамкүл Осмонованын үйүнөн, тактап айтканда төркүнүнөн 2018-жылдын 2-декабрында Айыма, Аяна жана Айдана аттуу 3 кызды төрөгөн 1990-жылы туулган Айсалкын Ботаева тосуп алды.

Акимдин орун басары Э.Дүйшөбаева менен Кудургу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Сарымсаков үч эмге кийим-кечек, азык-түлүк белектерин тапшыргандан кийин, Санташ айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери айыл өкмөттүн атынан 3 миң сомду көмүр алууга балдардын энесине тапшырды. Ал эми дарыгер балдардын ден соолугун текшерип, керектүү дары-дармектерди берди.

3 эм төрөп, 5 балалуу болгон Айсалкын Ботаеванын айтымында, ал операция жолу менен көз жарган.

«Жолдошум 1985-жылы туулган Алтынбек Тезекчиев менен 2014-жылы баш кошконбуз. 2014-жылы Айназик, 2016-жылы Али, 2018-жылы Айыма, Аяна, Айдана аттуу 3 эмди төрөдүм. 3 эмди Бишкектеги 6-төрөт үйүндө 7 айлык кезинде операция жолу менен төрөдүм. Өзүңдүн каттоодо турган жериңе бар деп Каракол шаарына жиберишти. Караколдогу дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, Ой-Булактагы төркүнүмө, ата-энемдин үйүнө чыгып келгениме бир жума болду. 3 кызды төрөгөн менин эч кимге керегим жок экен деп ойлоп жүрсөм акимчиликтен, Санташ айыл өкмөтүнөн биздин абалыбызды билгени келгенине кубанганымдан толкунданып турам», - деди ал.

Айсалкындын айтуусу боюнча, күйөөсү Алтынбек Тезекчиев менен үйлөнгөндөн бери Алтынбектин пенсиядагы ата-энеси Кубан, Салтанаттар болуп, 2 баласы менен бирге кайнежесинин үйүндө — Санташ айыл өкмөтүндөгү Байзак айылында жашап турушкан. Айназик, Али деген 2 баласына жөлөкпул алышкан эмес. Күйөөсү Алтынбек акча табуу үчүн Бишкекте иштегени кетип, балдарга (кайнежесинин 3 баласы бар) шарттын жоктугунан энеси Майрамкүл Осмонова кызын 5 баласы менен өз үйүнө убактылуу кыштан чыгарууга алып келген.

Учурда 3 эм кызга кошумча сүт берип жатышат.

«Жумасына 580 сомдук балдарга берилүүчү жасалма сүттү балдардын атасы Алтынбек жиберген акчага сатып берип жатам. Балдардын төрөлгөнүнө бир айдан ашты. Ден соолуктары жакшы, дайыма медайымдар тарабынан көзөмөл болуп тургандыктан 580 сомго сатып алып жаткан сүтүм бир жумага жетпей калат. Акимчиликтин тапшырмасы менен Санташ айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери балдардын документтерин толуктап, жөлөкпул алганга жардам бермей болду.

Учурда өзүбүздүн жашаган жерибиз жок болгондуктан кыштан чыгуу үчүн ата-энемдин үйүндө убактылуу жашап жатабыз», - деди 3 эм төрөгөн Айсалкын.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×