Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 09.01.2019 17:16

Өзгөндөгү жашоочуларды суусуз калтырган көмүр кени ишин убактылуу токтотту

Turmush -  Өзгөн районундагы эки айыл өкмөттүн элин суусуз калтырган көмүр кенинин иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 8-январь күнү ыйгарымдуу өкүл Узарбек Жылкыбаев жерине барып таанышып келген. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кум-Бел айылындагы көмүр кенинин иштеп баштаганына 2 ай болгон. Кен казгандан кийинки калдыктар туура эмес жайга ташталгандыктан ылайланган суу Зергер дарыясына куюлуп, эл суусуз калган.

«Узарбек Жылкыбаев өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев менен жолугуп, эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, көмүр кенинин ишмердүүлүгү убактылуу токтоду. Бул иш Мамэкотехинспекцияга өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Өзгөн районундагы эки айыл өкмөттүн жашоочулары суусуз калганын жергиликтүү тургундар билдиришкен.

Алардын айтымында, Зергер айыл өкмөтүндөгү жашоочулар Зергер дарыясынан алынган сууну ичип келишкен. Бирок Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы көмүр кенинен чыккан калдыктар дарыяга кошулуп, айылдыктарды таза суусуз калтырды. Жашоочулар учурда аталган сууну мал да ичпей жатканын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×