Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-март
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.01.2019 17:07

Эки адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Жабыркаган жүргүнчү окуя тууралуу айтып берди (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында «Хонда-Степ» жана «Мерседес-Бенц 210» үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышып, анын кесепетинен 2 адам каза болгон. Мындан тышкары, 2 эркек жана 2 аял ар кандай жаракат алышкан. Бул окуядан кийин «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун иниси жана унаанын жүргүнчүсү окуя тууралуу айтып беришти.

Өзүн «Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун инисимин деп тааныштырган Алтынбек Манияровдун айтымында, алар Ысык-Көл районунун Темир айылында жашашат.

«Агам М.Кылыч көп жылдан бери Бишкек—Григорьев каттамында такси кызматында иштечү. Окуя болгон күнү күндөгүдөй Бишкектен жүргүнчүлөрдү салып, айылды көздөй жолго чыккан. Тамчы айылынан эң артында отуруп келе жаткан эки жүргүнчүнү түшүрүптүр. Андан кийин Чоң-Сары-Ой айылына жетип калганда бир унаанын келе жатканын көрөт. Жакындап калганда унаа карама-каршы тилкеге чыкканда, агам четке чыгууга аракет кылган, бирок баары бир эки унаа сүзүшүп калган. Ошондо ортоңку сызыктан каршы тилкеге 3 метр кирип барып сүзүптүр.

«Мерседес-Бенц 210» унаасынын айдоочусу мас эмес болчу дегендерине күмөнүбүз бар. Себеби, ал айдоочу биздин билишибизче бир пансионатта эсепчи болуп иштейт жана ошол күнү майрамдык кечеден чыккан экен. Мындан сырткары окуя болгон жерге биринчи болуп барган күбөлөр айдоочунун мас экенин айтышууда. Биз барганда ал унаага бизди жакын жолотпой коюшту. Учурда агам Бишкекте ооруканада дарыланып жатат. Тизеси сынган жана бир өпкөсү жарылып, кан толуп калыптыр», - дейт А.Манияров.

«Хонда Степ» үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү болуп келе жаткан Эльнура Тынаева окуя тууралуу айтты.

«Мен Ысык-Көл районунун Кашат айылынан болом. Бирок Сургут шаарында эмгектенем. Окуя болгон күнү жаңы Бишкекке келип, ал жактан бир тууган иним экөөбүз айылга бара жатканбыз. Атамдын каза болгон күнүнө карата куран окутмакпыз. Ошентип таксиге отуруп келе жатканбыз. Мен ортоңку орунда болчумун. Айдоочу менен сүйлөшүп келе жатканбыз. Жол кырсык болгонго чейин 2 жүргүнчүнү жолдон түшүргөнбүз. Жай эле айдап бара жаткан. Бир убакта бир унаа бизди көздөй катуу келе жатканын көрдүк. Айдоочу «бул соо эмес» деп четке бурду, бирок болбой эле келип бизди сүздү.

Тез жардам унаасы келип, мени, айдоочуну жана «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусун ооруканага алып кетишти. Жолдон ал сөгүнүп, кыйкырынып барды, алкоголдун жыты келип жатты. Эртеси экөөбүз бир палатага жатып калдык. Туугандары келгенде «унаам эмне болду, жанымдагы эки байке кайда?» деп сурады. Туугандары «сен жалгыз эле болчусуң» деп айтышты. Анан жарым саат өтпөй башка палатага которуп кетишти.

Бул кырсыктан бир үйдөн экөөбүз жабыркап жатабыз. Бишкек шаарындагы №4 ооруканадан ичегилерим үзүлүп кеткендиктен операция жасашты. Анан куймулчагым сынып кетиптир. Инимдин баш мээси чайкалып, колу-буту жабыркаптыр. Мен Кыргызстанга 10 күнгө гана келгем. Эми дарыгерлер 3 ай турбай жаткыла деп айтып жатышат. Күнөөлүү тарап толугу менен жаза алышын талап кылабыз», - деди ал.

Буга чейин жол кырсыктан каза болгон жарандын тууганы Эрнист Жээнтаев жол кырсык боюнча иштин жүрүшүнө өз нааразычылыгын билдирген болчу.

«Ошол күнү агам Алмата шаарынан алма сатып, Бишкектен айылга «Хонда-Степ» унаасына таксиге отуруп келе жаткан. Ошол окуядан «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаадан менин агам, дагы бир жүргүнчү каза болду. «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу И.Динара карама-каршы тилкеге чыгып, «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Кырсык болгон күнү тез жардам унаасы эки айдоочуну тең салып кетишкен. «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусун спирт ичимдигин ичкендигине экспертиза өткөргөн, бирок «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна шокко каршы дары сайылып калгандан кийин кан алышкан. Ал эми дарынын курамында спирт бар экен. Эми спирт ичимдигин ичкен-ичпегени аныкталбай калабы деп чочулап жатабыз. «Мерседес-Бенц» унаасынын айдоочусу мас эмес болчу деген билдирүүгө күмөнүбүз бар.

Ушул убакка чейин тергөөчү тарабынан кылмыш иши козголо элек. Эки адамдын өмүрүн алган жол кырсык болуп жаткандан кийин КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин негизинде кылмыш иши козголушу керек экен. Тергөөчү Райкан Жакшылыковадан сурасак экспертизанын жыйынтыгы келмейинче иш козгой албай турганын айтты. Бирок картада унаа карама-каршы тилкеге чыгып, сүзгөнү көрүнүп эле турат. Биз тергөө иштери адилеттүү жүрүшүн талап кылабыз. Бул боюнча ИИМге дагы арыз жазып кайрылдык», - деп билдирген ал.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, жол кырсык 24-декабрда саат 23:45 чамасында Балыкчы—Чолпон-Ата—Каракол унаа жолунун 60-чакырымында, тактап айтканда Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында катталган. Анда «Хонда-Степ» жана «Мерседес-Бенц 210» үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 2 эркек адам каза болуп, 2 эркек жана 2 аял ар кандай жаракат алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
51.27% (101)
«Банк Компаньон»
19.29% (38)
«РСК Банк»
12.18% (24)
...
Всего голосов: 197
×