Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-январь
Талас облусуБакай-Ата району 09.01.2019 12:02 На русском

Айыл турмушу: Сабактан качкысы келген окуучулар дарыгер Г.Арыкованын ийнесин көргөндө эле сакайып кетишет (фото)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 43 жаштагы тургуну Гүлмайрам Арыкова 24 жылдан бери дарыгер болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Бакай-Ата айылынын кызы. 1996-жылы Миң-Булак айылына келин болуп келген.

«1995-жылы Таластагы медициналык орто окуу жайды аяктагам. Алгачкы эмгек жолумду Бакай-Ата районундагы райондук ооруканада медайым болуудан баштагам. 2 жылдан бери Чалдыбар мектеп интернатында башкы медайым болуп, окуучу балдар менен иш алып барам.

Окуучулар менен иштешүү жоопкерчиликтүү милдет. Ар кандай жугуштуу оорууларды алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүп, лекцияларды окуп турам. Сангигиена боюнча сабактар болуп турат. Жаз айынан баштап сааттар коюлат. Анда ар кандай темаларда түшүндүрүү иштери жана лекциялар жүргүзүлөт. Окуучулар кызыгуу менен катышып, суроо берип, түшүнүүгө аракет кылышат. Темалар боюнча маалымат айтып үйрөтөбүз. Жогорку класстын окуучуларына биринчи жардам көрсөтүү боюнча сабактарды өтүп турам.

Балдар менен иштешүү ары кызыктуу жана ары татаал. Жан дүйнөң эс ала турган жумуш аткарсаң анын татаалдыгы унутта калат эмеспи. Ошондуктан ар бир баланын ден соолугуна кам көрүү менен медайымдык ишимди аркалап жүрөм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушундагы кызыктуу окуяны эскерди.

«Башында окуучулар сабактан качуу максатында калп эле «ооруп жатам» деп келишкен учурлар болчу. Ошол кезде «тумоолоп калдым» деп бизге кайрылышканда балдарды өзүнчө, кыздарды өзүнчө бөлмөлөргө жаткырып коюшчу. Тарбиячылары менен ооруп жатам деп келишчү.

Бир күнү ошентип бир окуучу бала келди. Мен байкап көрдүм. Чын эле ооруп жаткандай сезилет. Ошону менен катар калп эле оорумуш болуп жатканын дагы билип коюуга болот. Мен «ата-энесин чакырталы, алар келгенче мен таблетка берип же укол сайып коёюн» дедим. Ал ийнени көрүп, «ооруган жокмун» деп чуркаган бойдон сабакка кеткен (күлүп). Көрсө ал сабакта үй тапшырмасын даярдай албай калып, ошол сабакка кирбей коюш үчүн ушундай кадамга барыптыр. Бирок мен балдар ойноп айтса дагы ден соолугуна көзөмөл жүргүзүп тургам. Азыр андай жагдайлар дээрлик болбой калды. Тырышып окуган окуучулар арбын. Бул мектеп интернатта 210 бала окуйт», - деди ал.

Гүлмайрам айым мындан тышкары 5 кыздын апасы экендигин белгиледи.

«5 кыздын апасымын. Жакында жолдошум экөөбүз таята-таене болдук. Улуу кызым И.Арабаев атындагы университетте информатика адистигинде 4-курста окуйт. Экинчиси чачтарач курсун бүтүп, иштеп жатат. Нарынга келин болгон. Кийинкилери мектепте окушат», - деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×