Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-март
Талас облусуТалас району 09.01.2019 19:28

Айыл турмушу: Азибүбү апа 55 жылдан бери чеберчилик кылып, уул-кыздарын жогорку билимдүү кылды (фото)

Turmush -  Талас районунун Көпүрө-Базар айылынын 68 жаштагы тургуну Азимбүбү Оморова апа 55 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Көк-Токой айылынын кызы. 1976-жылы жолдошу Кенжегул Сарбагышевге турмушка чыгып, Көпүрө-Базар айылына келин болуп келген.

«Мен карапайым үй-бүлөдө өстүм. Атам Жолдош апам Сакел 6 баласын багуу үчүн дыйканчылык менен алектенишчү. Өзүм 6 бир туугандын үчүнчүсү болом. Бир туугандарымдын арасынан мен эле кол өнөрчүлүк менен алектенип калдым. Калгандарына кызыгуу деле болгон эмес окшойт. Мага кол өнөрчүлүктү таенем үйрөткөн. Биз каникулда бир туугандарыбыз менен таякемдин үйүнө көп барчубуз. Ал адам уз чебер айым эле. Качан караба ийик ийрип, таар токуп, туш кийиздерди жасап отурчу. Башка балдар оюн ойноп жатса мени ойнотпой, жанынан чыгарбай «мага жардам бер» деп жанына отургузуп койчу. Таенем жасаган нерселерге жардам берип жүрчүмүн. Ошентип жүрүп эле кызыгуу пайда болду. Акырындан чеберчиликти үйрөнө баштадым. Жанынан чыкпай жүрүп керектүү нерсенин баарын үйрөнүп алдым десем болот. Ошондо таенем «Сенден бир нерсе чыгат, үйрөнүп алсаң өзүңө жакшы. Кийин «таенемден үйрөнгөм» деп айтып жүрөсүң» деп калчу эле. Апам таеемдин жолун жолдогонум үчүн сыймыктанчу», - деди ал.

Каарманыбзы буга катар негизге кесиби эсепчи экендигин кошумчалады.

«Кийин мектепти аяктап окуу жайга тапшырып кеттим. Кесибим боюнча эсепчимин. Балдар чонойгончо деп Союз тараганча кесибим боюнча 13 жыл эмгектендим. Кийин балдар, кыздарым чоңоюп калгандан баштап курак куроого өттүм. Көбүнчө каттама, тюльпан, кыял, тумар, кыз оюм курактарды курайм. Бош убакта сөзсүз буйрутма алып курак курайм. Көбүнчө белеке берем. Башында курак курап баштаганда туугандарыма, досторума белеке берип келчүмүн. Кийин кыз-келиндериме жасап берип жүрдүм. Азыркы учурда келиним Гүлнурга чеберчиликти үйрөтүп жатам. Өзүнүн кызыгуусу бар, бат эле алып кетти. Ал эми 3 кызымдын тең кызыгуусу жок экен.

55 жылдан бери чеберчилик менен алек болуп жүрүп, балдар-кыздарымды чоңойтуп окуттум. Баарын жогорку билимдүү кылдык Учурда атасы экөөбүз сый-урматтарын көрүп жаткан учурубуз», - деди ал.

Азимбүбү апа 2 уул 3 кызды өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
44.05% (111)
«Банк Компаньон»
18.25% (46)
«РСК Банк»
9.92% (25)
...
Всего голосов: 252
×