Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-январь
Жалал-Абад облусу, Кербен 09.01.2019 11:38

2018: Бычакталган чемпион, жоголгон кызын издебеген ата, кен чыры, өлкө башчыга жолугабыз деп соттолгондор... Жалал-Абаддагы окуялар

Turmush -  2018-жылы Жалал-Абад дубанында да урунттуу окуялар болду. Кен байлыкка байланышкан бир катар нааразычылык акциялардын артынан улам бир катар жетекчилер кызматтарынан кол жууду. Митингге чыккандар имарат өрттөөгө чейин барышган.

Аймактык кабарчы облустагы маанилүү окуяларды тизмектеди.

Жоголгон 3 жаштагы наристе, аны издебеген ата...

Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык борбордо тарбияланып жаткан 3 жаштагы Мадинаны ай айланса да жакындары издебегендиктен соцкызматкерлер ЖМК аркылуу туугандарын издөөгө аргасыз болушту. Кыз тагдыры коомчулукка тарагандан кийин гана кыздын атасы издеп келген.

Жалал-Абад шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкери Айдай Адылбекованын айтымында, кызды атасы базардан жоготуп жиберип, ошол бойдон издеген эмес. Кыз базарда уктап жаткан жеринен табылып, реабилитациялык борборго жайгаштырылган. Күн эмес ай айланса да кызды милицияга же борборго жакындары издеп келген эмес. Аргасыз андагы мекеме жамааты маалымат каражаттары аркылуу издөөгө алганда, аталган бөлүмгө кыздын атасы кайрылган. Бирок ал, атасы экендигин далилдеген документтерди көрсөтө алган эмес. Кыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүктө атасы деген жерине атасы жазылбай калган. Тактап айтканда, убагында кыздын ата-энеси никесин мыйзамдуу түрдө каттатышкан эмес. Ошол себептүү баланын күбөлүгү жалгыз бой эне катары алынып калган.

«Атасы кызын жоготуп алганына бир айга жакын убакыт болсо да издеген эмес. Бул өтө чоң кайдыгерлик, ата-энелик милдетти аткарбагандыктын туу чокусу деп эсептейм. Ошол үчүн кызды атасына кайтаруу маселесин терең изилдеш керек», - деди А. Адылбекова.

Кыздын энеси менен атасы ал бир жашка толо электе эле эки жолго түшүп, кыз атасынын колунда калган.

3 жана 4 жаштагы балдарын таштаган бойдон дайынын билдирбеген эне

Жалал-Абад шаарындагы балдарды убактылуу кармап туруучу мекемелердин бирине 3 жана 4 жаштагы балдарын таштаган бойдон дайынын билдирбей жаткан эне энелик укугунан ажырады. Башкача айтканда, 2014-жылы туулган кыз менен 2015-жылы туулган баланын апасы 2017-жылдын жай мезгилинде кыйынчылыкка кабылгандыгын айтып, балдарын убактылуу жайгаштырып турууну шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлеринен суранган. Жашы жыйырмадан ашкан келин Базар-Коргон районунун тургуну болгону менен Жалал-Абад шаарындагы кафелердин биринде официант болуп иштеп, күн кечирип келген. Иштеп балдарын багууну суранган энени өтүнүчү аткарылып, балдары убактылуу жайгаштырылган. Эки айдай тынбай балдарынан кабар алып туруп, андан соң эне дайынын билдирбей кеткен.

Социалдык кызматкерлер балдардын атасын табууга да аракет жасаган менен жыйынтык болгон эмес. Анткени келин жолдошу менен мыйзамдуу никеге турбай, балдардын күбөлүктөрү жалгыз бой эне катары алынган. Төрт ай эненин дайынын таппаган кызматкерлери сотко кайрылууга мажбур болушкан. Жалал-Абад шаардык соту балдарын таштаган бойдон кабар албай жаткан энени энелик укугунан ажыратты.

«Эми балдардын апасына 6 айга чейин аларды кайтарып алуу укугу берилет. Азырынча бир туугандар балдарды убактылуу кармап туруучу борбордо каралып жатат», - деп маалымдашкан мекемеден.

«Электрикпиз» деп миллион уурдагандар...

Ноокен районуна караштуу Масы айыл аймагындагы үйлөрдүн биринен электр тармактар ишканасынан келгендигин айткан эки жаран миллион сомго жакын акча сакталган сейфти жана алтын буюмдарды алып кетишкен. 2018-жылдын 19-январында күндүзгү саат 12:00 чамасында эки жаран электр тармактар ишканасынан келгендигин айтышып, «үйдөгү эсептегичти карап алалы» дешип, үйдөгү 20 жаштагы келин М.А.ны алдап, дарбазасын ачтырган уурулар, дарбаны дароо жабышып, келиндин оозун жаап, үйүнө алып киришкен.

Үйдө тапанча менен коркутушуп, колундагы шакегин, сөйкөсү чечтирип алышкан. Үйлөрдү чачып акча издешкен, акча сакталып турган сейфти табары менен көздөн кайым болушкан. Келиндин колу-бутун байлап, оозун скочтогон бойдон чыгып кетишкен. Тилекке каршы, келин ууруларды тааный алган эмес. Анткени алар дарбазадан кирери менен бет кап кийип, аны коркутууга алышкан. Үй ээлери милицияга кабар беришип, келин окуянын чоо-жайын айтып берген.

«Бул окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин каракчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыштын бетин тез арада ачуу максатында Жалал-Абад ОИИБдин жана Ноокен РИИБдин Криминалдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган тергөө-ыкчам тобу иштеп жатат. Кылмышка шектүүлөрдүн болжолдуу сүрөттөрү түзүлүп, багыттамалар берилди», - деп билдиришкен ОИИБдин басма сөз кызматы.

Токтогулда массалык түрдө кырылган балыктар

2018-жылдын 22-январында Ош—Бишкек жолунда күйүүчү май ташыган унаа көпүрөдөн өтүп бара жатып, Чычкан суусуна кулап, мунун кесепетинен окуя орун алган жерге жакын жайгашкан балык чарбадагы балыктар кырылды. Тактап айтканда 3 тоннадай балык өлдү.

Мамэкотехинспекциянын Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарлары, Шамалды-Сай шаарчасы жана Токтогул району боюнча аймактык башкармалыктын башкы инспектору Болот Жапаров күйүүчү май төгүлгөн жерден он чакырым алыста жайгашкан жеке менчик балык чарбадагы балыктардын кырылуусуна суунун агымы жай болгондугу терс таасир бергенин белгиледи.

С.Жээнбеков атындагы мектебинин мугалими киши колдуу болду

Сузак районуна караштуу Ленин айыл аймагынын Гавриловка айылында жайгашкан Сатыбалды Жээнбеков атындагы мектептин мугалими Б.А. өзүнүн үйүндө 2018-жылдын 27-январында киши колдуу болуп каза тапты.

Элеттиктердин ырастоолорунда, каза болгон мугалим 1996-жылдан бери мектепте балдарга билим берип келген. Анын эки уулу тең Россияда иштеп, өзү үйүндө жалгыз жашачу. Бирок ошол эле айылда бир туугандары, ата-энеси болгондуктан кээде алардын үйүнө барып көп түнөчү. 27-январь күнү кечинде андан кабар алганы барган жакындары жансыз денесин табышкан. Маркум 29-январда акыркы сапарга узатылган. Кийин мугалимди айылдашы өлтүргөнү ачыкталып, камакка алынган.

Көмүр казам деп ажал тапты

2018-жылдын 31-январында Аксы районунун Кара-Тыт айылында мыйзамсыз көмүр казып жаткан 26 жаштагы тургунду таш басып каза болгон. ӨКМдин басма сөз кызматы жарандын сөөгү саат 21:30 чамасында чыгарылып, милицияга өткөрүлүп берилгенин билдирген.

Аксы районунда шахтада таш басып каза болгон жаран иштеп жаткан карьер мыйзамсыз иштегендиги үчүн 5 күн мурда жабылган. Бирок тургундар аны кайра ачып алышкан. Бул тууралуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагулов ачыктаган.

Анын айтымында, жарандар көмүрдү өз алдынча бекинип барып кызып сатышат.

«Ак-Жол айыл өкмөтүндө 6 жерден адамдар мыйзамсыз көмүр казышат. Ал жерди атайын түзүлгөн комиссия текшерип, баардыгын жаптырып, көмүп келишкен. Ал эми таш басып каза болгон жаран 2 шериги менен көмүр казып жаткан. Алар иштеп жаткан карьер 26-январь күнү жабылган болчу. Бирок жергиликтүү тургундар баш ийбестен өз алдынча барып көмүр казышкан», - деп билдирген ал.

Аксыда милиция кызматкери мугалимдерди өлтүрдү

Кербен шаарында 10-февралда милиция кызматкеринин катышуусундагы жол кырсыктан эки мугалим каза таап, эки мугалим ооруканага түшкөн. Кырсыктын кесепетинен Гүлазым Сартмырзаева менен Айчүрөк Исманова каза болгон. Кырсыкта жеңил жаракат алган Гүлмира Таштанова окуя кандай болгонун айтып берген.

«Мектептен чыкканда Шатманов көчөсү менен түз келип, борбордук көчөгө жетели деп калганбыз. Жолдун сол тарабында бешөөбүз келе жатканыбызда унаа капталы менен өтө катуу ылдамдыкта бизди көздөй келе жатыптыр. Биз качып жөнөдүк. Жолдо андан башка унаа жок болчу. Экөөбүз жолдун сол тарабына качып, үчөө жолдун оң тарабына качышты. Капталдан келген унаа мен качып бара жатканда бир аз тийип кетти. Мен унаа тийгенде жыгылып калдым. Унаа айланып барып, жолдун оң жээгин көздөй качкандарды сүзүп, эки метрдей ыргыта койду. Тарс деген үн чыккандыктан ошол жердегилер дароо жардамга келишти. Айдоочуну көргөн жокпуз, ал кармалганын билбейбиз. Автоунаа өтө катуу ылдамдыкта келди», - деп билдирген Г.Таштанова.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы жол кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, Аксы РИИБдин кызматкери 2 айга камакка алынганын маалымдаган.

Бир үй-бүлөдөн 3 адамдын сөөгү чыкты

Жалал-Абаддагы Кочкор-Ата шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү турак үйдөн 3 адамдын жансыз денеси табылды. Болжолдуу маалыматтар боюнча, алар 5-февралда эртең менен истүү газга ууланып көз жумган.

Маркумдардын өздүгү такталып, 1953-жылы туулган К.Ж., 1966-жылы туулган А.С. жана 1960-жылы туулган К.Г. экени аныкталды. Денелер өлүк сактоочу жайга жеткирилип, окуя боюнча тактоо иштери улантылган.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, үй ээсинин 1988-жылы туулган кызы ата-энесинен кабар алуу максатында үйүнө барган. Үйдү эч ким ачпай койгондуктан кошуларынын жардамы менен эшикти ачып кирген. Алар үйдүн ичинде газдын жыты бар экенин сезишкен жана мештин түтүгүнүн уланган жери ачык калгандыгын көрүшкөн.

Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Каза болгон атуулдардын туугандары эч кимге доосу жоктугун билдирип, соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан.

Күйөө бала кайын журтунан 5 адамды бычактады

Базар-Коргон районунда үй-бүлөлүк жаңжалдан улам бир адам каза болуп, 5 адам ооруканага түштү. Окуя Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында 21-февралда түнү жүз берген. Спирт ичимдигин ичип алып кайын журтунун үйүнө барган күйөө бала алгач кайнатасын бычактоого аракет жасаган. Жагымсыз окуядан улам кошуналарын жардамга чакыруу үчүн көчөгө чуркап чыккан кайненесине, эки кошунасына бычак шилтеген. Кайра үйүнө кирип жубайын жана уктап жаткан 6 жаштагы балага да бычак сайып, качып кеткен. Күйөө баланын жоругунун кесепетинен кошунасынын бири окуя болгон жерде мерт кетсе, калганы райондук ооруканага түшкөн.

7 жылдан бери дайынсыз болуп жүргөн Азимдин тагдыры

Нарын шаарында мындан 7 жыл мурун дайынсыз жоголгон Асанкул уулу Азимди үйүндө багып жүргөн Базар-Коргон районунун Акман айылдык кеңешинин депутаты Актилек Осоркулов АКИпресс агенттигинен анын изделип жаткандыгы тууралуу маалыматты окуп, баланын жакындарын издеп байланышкан. Ал Азимди кантип тапканын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берген.

Актилек Осоркуловдун кабарчыга маалымдоосунда, ал 2017-жылдын февраль айында Бишкек шаарынан келе жатып, Таш-Көмүр шаарына жеткенде унаасы бузулуп калган. Ошол жерден Азим менен табышып калган.

«Унаамды оңдоп жатсам мага Азим жардамдашып калды. Унаа оңдолгондон кийин Азим: «Акчаңыз болсо миң сом бериңизчи. Бишкекке кетишим керек эле» деди. Мен андан эмнеге борборго бара турганын сурадым. Ал Таш-Көмүрдө бир үй-бүлөдө чабан болуп жүргөнүн, көп ур-токмокко алынганын жана үйдөн качып чыккандыгын айтты. Бишкекте кимдикине барасың десем, ал жакта эч кими жок экенин айтты. Анда менин үйүмө бар, ата-энеңди табууга жардам берем десем макул болду. Жубайыма байланышып, мончону жагып коюшун өтүндүм. Чабан болуп жүргөндүктөн кийими кир, жагымсыз жыттанып жаткан эле. Айылга келгенден кийин айыл башчыга айттым, ал айыл өкмөткө, аймактык тескөөчүгө баланын ата-энеси жоктугун билдирди. РИИБге да билдирдим, райондогу укук коргоо органдарына кабар бердим. Алар Бишкекке маалымат жөнөтүштү окшойт, ата-энесин издештирдик. Райондогу укук коргоо органдарына баланын ата-энесин табууну өтүнүп, эгер эч кимиси табылбаса, аны өзүмдүн фамилияма өткөрүп алайын деп да кайрылып көрдүм. Баланын жоголгону боюнча Бишкекке да маалымат кеткендиктен, ал жактагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен сүйлөшкөнбүз. Алар баланы алып келиңиз дешкен. Мен 22-23-март күндөрү «Ош» базарына алып барайын деп жаткам. Азим жашы канчада экенин так билбегендиктен, мен ага туулган күнүңдү 13-февралда белгилейбиз, 1997-жылкы болосуң деп айткам. Жээндерим үйлөнгөндө бир туугандарың чыкпаса сени кошо үйлөнтөм деп жүргөм. Бишкекте балдарды коргоо уюму бар экен, аларга кайрылсак, «биз жашы 18ге чыга элек балдарды карайбыз» деп жооп беришти. Жакындары табылып калаар деп үйүмдө алып жүрдүм, ал мага бир тууганымдай эле болуп калды. Балдарым да аны жакшы көрүшөт», - деген Актилек Осоркулов.

Буга чейин Азим ага: «4-5 жаштарымда мени бир аял багып алган. Ата-энең жок деп урчу. Андан качып чыгып, Бишкектин Кызыл-Аскер районунда жүрдүм. Ал жерде түбү цех, үстү мейманкана болгон жерде түнөп жүрдүм. «Ош» базарында коробка терчүмүн. Ошондо бир эже сенин ата-энеңди таптык деп Таш-Көмүр шаарына салган. Ал жерден мени Эрмек деп ат коюп алышты. Ошол үйдө көп жүрдүм», - деп айтып бергенин белгиледи.

А.Осоркуловдун эки уулу, эки кызы бар.

Тогуз-Тородогу кен чыры

Былтыркы жылдын жаз мезгилинде Тогуз-Торо районунун тургундары «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасынын кайрадан иштешине каршы болуп, бир нече жолу нааразычылык акцияларына чыгышып, бийликке өз талаптарын коюшту. Бийликке мөөнөт да беришти. 11-апрелдеги митингге чыккандардын саны 800дөн ашып, чогулгандар нааразы болуп жатышкан ишкананын имаратын өрттөп салышкан.

Ал күнкү митингден улам 3 милиция кызматкери жана 1 жаран ооруканага кайрылды. 17-апрелде Тогуз- Торо окуясы боюнча митингге активдүү катышкан 15 адам кармалып, аларга карата 234-берене (бейбаштык), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-берене (массалык тартипсиздик) менен кылмыш иши козголду. Бул митингден улам район акими Тилек Идирисовду ошол мезгилдеги өкмөт башчы Сапар Исаков жумуштан алды.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Акылбек Мамасейитовдун да кызматынан кетүүсүнө өз таасирин берди. 23-апрелде ИИМдин буйругу менен облустук ички иштер башкармалыгын Кылыч Жолдошов жетектеп калды.

Жалал-Абадда жалындаган өрт

Жалал-Абад шарынын борбордук базарында катталган өрт кырсыгынан улам 58 соодагер жабыркады. Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаевдин айтымында, жалын каптаган базардан 58 соодагер жабыркаганы такталды. Андагы соодагерлердин ичинен 35и муниципалдык жерде ижарада турса, 16сы жеке менчик мекемеге таандык жерде соода менен алектенип келишкен. Ошондой эле, жеке менчикте турган жети ишкер да жабыр тарткан.

«Такталган маалымат боюнча борбордук базардын 1279 чарчы метр аянты күйгөн. Соодагерлердин берген маалыматына таянсак, алдын-ала божомолдоолорго караганда өрттөн келтирилген материалдык чыгым 30 миллион сомго барууда. Дагы өзгөрүүлөр орун алуусу мүмкүн. Жабыр тарткан соодагерлердин жетөөсү банктан насыя алышкан экен, алар дагы тийиштүү документтерин топтошууда. Шаардык милиция да насыя алган соодагерлердин жабыркаганы боюнча тактама бергенден соң биз насыя берген банктарга жеңилдетүү жагын карап көрүү өтүнүчү менен кайрылабыз. Муниципалдык жерде олтурган соодагерлерди 4-5 айга чейин ижара төлөмүнөн бошотуу жагы боюнча шаардык кеңешке кайрылуу алдында турабыз. Андан сырткары Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссияга да кат сунуштайбыз. Шаар бийлиги соодагерлер үчүн колдон келген жардамын көрсөтөт. Кечээги күндөн бери өкмөткө караштуу соттук экспертизанын өкүлү келип, иш жүргүздү», - деген Т.Темирбаев.

Телефондо сүйлөшкөн адамга түшкөн чагылган өмүрүн кыйды

Аксы районунда уюлдук телефон менен сүйлөшүп жаткан тургунга чагылган тийип, көп узабай каза болду. Бул окуяны ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы бөлүмү тастыктады.

Маалым болгондой, 12-августта эртең менен Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн Таштак айылынын 1980-жылы туулган тургуну Ш.Токтобек чөп чабууга кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, саат 08:45 чамасында ага телефон чалуу болуп, ал сүйлөшүп жаткан. Жамгыр жаап жатканына байланыштуу ал бактын алдында турган. Ошол убакта ага чагылган тийип, ал ошол жерде каза болгон. Анын артында 5 кызы калды.

Аскер бөлүктө тоок урунуп эки колунан ажыраган жоокер

Майлуу-Суу шаарында жайгашкан №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Руслан Сапарбаев 8-августта электр тогуна урунуп, оор абалда ооруканага түштү.

Алгач маалыматты ачыктагысы келбеген Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кийин кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип кеткенин айтып чыгышты.

Кырсыктаган жоокер бир эмес эки колу тең кесилди. Жоокер Руслан Сапарбаевдин окуясына байланыштуу аскер бөлүктүн командиринин техникалык маселелер боюнча орун басары жана курулуш маселелери боюнча сержант үч жылга шартүү кесилди.

Президент менен жолугууну каалаган аялдар соттолуп...

2018-жылдын 15-август күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад дубанына жасаган иш сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарында облус эли менен жолугушкан. Ал жайга Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл аймагынан 5 аял барышып, кирүүгө аракет жасашкан менен тизмеде жоктугуна байланыштуу киргизилген эмес. Жолугууну каалаган аялдар менен милициянын ортосунда пикир келишпестик орун алып, андагы аялдар Кочкор-Ата аймактык милиция бөлүмчөсүндө жеткирилип, 5 саат кармалган.

Андан соң райондук соттон айып салынып, үйлөрүнө кетишкен. Аларга Административдик кодекстин 371-беренеси менен («Ички иштер органдарынын кызматкеринин жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйругуна же талабына моюн сунбоо) протокол толтурулуп, райондук сот тарабынан алар 371-берене менен күнөөлүү деп табылып, ар бирине 500 сомдон айып тагылган. Аялдардын окуясы боюнча президенттик аппарат да реакция жасап, район акими алардын үнү укту. Аялдарга салынган айып акчалардан жеңилдетилди.

Кыргызстандын чемпиону өлтүрүлдү

Сузак районунун 28 жаштагы тургуну, спорт чебери Бекзат Жаныбековду бычактап өлтүрүп кетишти.

Маалыматка караганда, Б.Жаныбеков Бишкек шаарында жүргөн учурда 1985-жылы туулган жигит менен пикир келишпестик жаралып, ал Бекзатка бычак сайып жиберген. Спортчу алган жаракаттан улам көз жумган.

Спорт чөйрөсүнүн өкүлдөрү тастыктаган маалымат боюнча, Бекзат Жаныбековдун мүнөзү токтоо болчу. Ал 2017-жылы күжүрмөн самбо боюнча 90 кг салмактагылар арасында Кыргызстандын чемпиону болгон. Акыркы эки жылдан бери кикбоксинг жана күжүрмөн самбого өзгөчө басым жасап, машыгып жаткан.

Ойноштук түрмөгө жетеледи...

Базар-Коргон районуна караштуу Талдуу-Булак айыл аймагынын Каба айылынын тургундары — 1964-жылы туулган Калбатыр жана 1981-жылы туулган Минура өз ара сүйлөшүп алышып, 2018-жылдын 25-сентябрынан 26-сентябрга караган түнү 62 жаштагы Мамарасул аттуу жаранды өлтүрүүнү көздөшкөн. Алар аны үйүнө чакырышып, колу-бутун байлашып, аны жардан кулатып жиберишкен. Ал ошол жерде эле жан берген. Андан соң маркумду экөөлөп сай жээгиндеги кароолчу болуп жүргөн сарайына алып барышып, буту-колу таңылган абалда таштап кете беришкен. Эртеси күнү шектүүлөр кайрадан жолугушуп, каза болгон Мамарасулду таштаган сарайга өрт коюп жиберишкен. Кылмышка шектүүлөрдө «эл Мамарасул карап жаткан сарайда өрт чыгып каза болуптур» деп ойлошот деген пикирде болушкан. Бирок алардын жасаган кылмышын милиция көп узабай ачыктап, убактылуу кармоочу жайга киргизишти.

Чаткалдагы чыр, камалган жергиликтүүлөр

2018-жылдын 5-ноябрында ИИМдин Жалал-Абад облусу боюнча «Шумкар» атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Терек-Сай айылында «Эти Бакыр Терек-Сай» алтын кен иштетүүчү аймагында кызматын өтөө учурунда айылдын 15 тургуну күч колдонушкан. Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатышкан ички иштер органдарынын кызматкерлери ар кандай жаракаттарды алышкан.

6-ноябрь күнү аталган факты боюнча Ала-Бука РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) жана 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иш козгогон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө окуя болгон жерден (Эти Бакыр Терек-Сай алтын кен иштетүүчү аймакты көзөмөлдөөчү видео камерадан) видео алынган. Аталган видео изилденип, милиция кызматкерлерине карата күч колдонушкан бардык 15 адамдын өздүгү такталган. 2-декабрда аталган адамдар Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына алынып келген. Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен 6 адам 2 айга, 9 адам 1 айга тергөө абагына камакка алынды. Облустук сот жергиликтүүлөрдү үй камагына чыгарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×